Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Жыл башынан бери 2500дөн ашык бодо мал уурдалды


Иллюстрация. Ысык-Көл облусу, 2016-жыл.
Иллюстрация. Ысык-Көл облусу, 2016-жыл.

Ички иштер министрлиги 2021-жылдын тогуз айында эки миң беш жүздөн ашык бодо мал уурдалганын кабарлады. Милицияда мал уурулук боюнча 1137 иш катталып, 902 кылмыштын бети ачылган. Бул кылмышка шектелип 366 киши кармалса, анын алтымыштан ашыгы мурда соттолгондор болгон. Мал уурулук үчүн түзүлгөн 87 кылмыштуу топтун 187 мүчөсү аныкталып, алар 247 ишке шектелип жатышат. Ички иштер министрлиги мал уурулук менен алектенген 11 уюшкан кылмыштуу топту ачыкка чыгарганын билдирди.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги мал уурулук айыл жашоочуларынын негизги көйгөйү болуп жатканын белгилеп, анын себептеринин бири катары жарандардын мал-жандыкты кароосуз калтырган учурларын белгилейт. Милиция малга дайыма тыкыр көз салууга жана сарайларды түнкүсүн бекем бекитүүгө чакырат.

2020-жылы ИИМге мал уурулук боюнча 1172 арыз түшкөн. Анда кыргызстандыктар мал уурулардын айынан 71 миллион 210 миң сом зыян тартышкан деп эсептелген. (TSh)

XS
SM
MD
LG