Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Шайлоо: солгун үгүттүн себептери


Иллюстрация. 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо учурундагы сүрөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо алгачкы жолу аралаш система менен өткөрүлүп, ага ылайык үгүт иштеринин дагы ыкмасы өзгөрдү.

Үгүт эмнеге солгун?

Үгүт 29-октябрда башталып, социалдык тармактарда талапкерлердин эл менен жолугушуусу, ар кандай ураан менен коштолгон сүрөттөрү жайнады. Бирок, мурунку шайлоо өнөктүгүнөн айырмаланып борбор калаа Бишкекте партиялардын көрнөк-жарнактары азыраак. Ал эми бир мандаттуу округдан бараткандар үгүт иштерин өз аймагында гана жүргүзө баштады.

Мурда-кийин шайлоо өнөктүгүндө иштеп жүргөндөр бул жолку үгүт кампанияны жалпы жолунан солгун башталды деп баа берип жатышат. “Фейсбуктун” активдүү колдонуучусу Орозбек Муратов талапкерлер үчүн үгүт бир аз татаалдашканын айтып, анын бир нече себептерине токтолду.

Орозбек Муратов.
Орозбек Муратов.

"Биринчиден, эл дагы шайлоодон тажады, чогулуштарга келбей калды. Экинчиден, талапкерлер дагы акчасын ашыкча сарптагандан карманып турат. Үчүнчүдөн, жакын арада эле үч-төрт шайлоо өтүп саясатчылардын акчасы азайды. Төртүнчүдөн, ачык тизме болгондуктан партиялаштар бири-бирине атаандаш болуп калды. Борбордук штабдагы акчадан үгүт баракчалары чыгарылбай, ар ким өзү үчүн иштеп жатат. Ал эми добуш сатып алуу ыктымалдуулугу бар. Бирок, азыр мурункудай эмес, тымызын даректүү акча бериши мүмкүн”, - деди Муратов.

Интернетке көчкөн үгүттүн натыйжасы

Айрыкча соңку беш жылдагы шайлоодо үгүт иштери интернетке көчүп, саясий жарыштарда социалдык тармактарды өздөштүргөн адистер бир топ акча иштеп алышат. Парламентте олуттуу образ түзгөн саясатчылар добуш үчүн вайн, башкача айтканда күлкүлүү тасмага тартылып, мурунку шайлоодон бери желе басып жаткан социалдык тармактардагы баракчаларына жан кирип, бири базардагы ашканадан тамактанганын чыгарса, экинчиси коомдук транспортто жүргөнүн жарыялай башташат.

Быйыл дагы айрымдары түнкү клубда жаштар менен жолугуп, "Тик-Ток" тартып, рэп ырдап үгүт иштеринде өзгөчөлөнүү аракетин кылгандар жок эмес. Анткен менен PR адиси Азим Азимов бул жолу инфлюенсер, блогерлерге деле суроо-талап күчтүү эместигин айтууда:

Азим Азимов.
Азим Азимов.

“Саясатчылардын өзүнүн баракчалары бар. Бирок, акча төлөп чыгаруучу иш-чараларга көңүл бурулган жок. Ошол эле вайнер, блогерлер сунуштаган кызматка талап азыраак болууда”, - деди Азимов.

2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо катталуучулары миллиондон ашкан блогерлердин арасында бир айга 50 миң долларга чейин келишим түзүп, партиялар менен иштегендер болгон.

Азыр “Темирдей тартип”, “Эл-жер үчүн кызмат кылам”, “Татыктуу талапкер” деген сыяктуу жалпы ураандар гана болбосо партиялар, талапкерлердин так программалары жарыялана элек.

Активист Атай Бейшенбек уулу быйылкы шайлоо өнөктүгүнүн кемчиликтерин санады. Анын баамында, ачык тизме болгондуктан партия жалпы системалуу убада бербестен, ар ким өз аймагындагы көйгөйдү көтөрүп, добуш чогултууга аракет кылууда. Ал эми бир мандаттуу округдарда пиарчылар талапкерлердин мыйзам чыгаруу же парламентте элдин үнүн бийликке жеткирүү жөндөмүнө басым жасабастан, “колу ачык, берешен” деп сыпатталган тырмакчанын ичиндеги “биздин бала” ыкмасын колдонуп жатышат. Башкача айтканда, айылында жол оңдоо сыяктуу иштерге кол кабыш кылган капчыктууларга артыкчылык берилип калды.

Атай Бейшенбек уулу.
Атай Бейшенбек уулу.

“Өзгөчөлөнө турган атайын программа жок. Анткени буга чейинки шайлоодо бардык ыкманы колдонуп бүттүк окшойт. Эл деле партиялардын убадасынын аткарылып-аткарылбашын аңдап билип калышты. Талапкерлер баягыдай эле стандарт менен баратат. Кооз сүрөт анан ураан. Баннерлерди жапырт алышпады, себеби ал жерге жазганга деле программа жок. Баягы эле саясий тил менен баратышат. Талапкерлер ар бири өзүнчө штаб ачып алган. Аким шайланып жаткан сыяктуу райондун деңгээлиндеги убадалар. Акылбек Жапаров бийликтин алдыңкы жылдагы өнүгүү багытын, убадасын берип салды. Андан өтүп кандай убада бере алышат? Анан “Азамат жигит”, “Духу бар” деген сыяктуу “өз балдарын” шайламай система түзүлүп калды”, - деди активист.

Атай Бейшенбек уулу шайлоочулардын талапкер тандоосунда үгүт иштери маанилүү экенин белгилеп, ал жетинчи чакырылыштын курамынын сапатына таасир берерин кошумчалады.


Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева үгүт иштеринде акчанын аз сарпталып жатканы, чөнтөгү жука талапкерлер үчүн артыкчылык экенин белгилеп жатат. Анын баамында, мында мурункудай шайлоо корунан самандай чачылган акча эмес талапкердин даремети так бааланат.

"Быйылкы шайлоонун артыкчылыгы ушул, партияны жана талапкерди дагы тандашат. Акчага таянган партиялардын фонунда мурун акчасы жоктор көрүнбөй калчу. Азыр колдон келсе баарына бирдей шарт түзүү аракети бар", - деди Жумалиева.


Шайлоо өнөктүгүндөгү пиар кампанияларда иштеп жүргөндөр атаандаштар бири-бирин каралоо, саясаттагы кемчиликтерин жарыялоону адатта үгүт иштеринин акыркы аптасында пландай турганын белгилешет. Байкоочулардын баамында, 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоонун үгүтүндө эң көп каражат коротулган саясий жарыштардын бири болду.

Партиялар саясий технологдордун чыныгы акысын, пиарчылардын гонорарын жана үгүтчүлөрдүн аянасы эки эсе жашырганы да айтылып келет.

Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясы жана укук коргоо органдары үгүткө байланыштуу одоно мыйзам бузуу жок экенин маалымдады.

29-октябрдан баштап Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланмакчы.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG