Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Шайлоо: миңден ашуун талапкер жарышка түштү


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имараты.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоонун эң активдүү бөлүгү - үгүт иштери башталды. Саясий иш-чарага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катышып жатат.

Үгүт эрежеси

29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоонун шааниси биринчи интернетте байкалып, 29-октябрга оогон түнү социалдык тармактарда шайлоого бараткан партиялардын, талапкерлердин сүрөттөрү жайнап чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21 партияны – "Ата Мекен", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Улуу-Журт", "Азаттык", "Легалайз", "Улуттар Биримдиги", "Ыйман Нуру", "Ата-Журт Кыргызстан", "Мекенчил Эл", "Бүтүн Кыргызстан", "Аруузат", "Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы", Социал-демократтар, "Ордо", "Багыт", "Жашылдар", "Күчтүү регион", "Жашасын Кыргызстан" жана "Эл үмүтү" партияларын каттады.

Булардын ичинен "Ыйман Нуру", "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Ордо", Социал-демократтар партиялары былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышкан. Алар шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип митингге чыккан 10дон ашык партиянын катарында болгон. Калган партиялар мындай чоң жарышка биринчи жолу катышууда.

Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоонун үгүт иштеринин айрым эрежелери менен тааныштырды.

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

"Үгүт маалында концерт коюп, спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Андан тышкары мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде, мечит, медресе жана чиркөөлөрдө үгүт иштерин жүргүзгөнгө болбойт. Ошондой эле, үгүт бул мекемелер жайгашкан жерден 100 метр алыс жерде болушу керек. 18 жашка чыга элек балдарды да үгүт иштерине тартууга, чет элдик жарандардын сүрөттөрүн, алар менен тартылган видеоматериалдарды да чыгарганга болбойт. Үгүт убагында ага кеткен чыгым партиялардын, талапкерлердин шайлоо фондунан гана каржыланышы керек".

Шайлоо мыйзамдары боюнча, саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук менен алектенген уюмдар үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга болбойт.

Бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер

Партиялар жалпы республика боюнча үгүт иштерин баштаса, бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгондор өз аймагында үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жатат.

БШК бир мандаттуу 36 округдан 321 талапкерди каттады. Алардын ичинен 20сы гана аял. Баткен облусунда үч шайлоо округунан 37 талапкер каттоодон өттү. Анын ичинде №3 Кадамжай шайлоо аймагында Кыргызстан боюнча бир мандаттуу округдан эң көп талапкер – 18 киши катышып жатат.

Ош облусунда 9 шайлоо аймагынан 59 талапкер чыкты. Жалал-Абад облусунда жети округдан 50 талапкер катталды. Таласта эки шайлоо аймагынан 15, Чүйдө алты округдан 63, Бишкек шаарында төрт аймактан 27, Нарын облусунда эки округдан 29, Ысык-Көлдө үч шайлоо аймагынан 41 талапкер каттоодон өттү. Ысык-Көлдө №34 шайлоо округунан 17 киши чыгып өлкөдө бир мандаттуу округдан эң көп талапкер катталган аймактардын экинчиси болуп калды. Андан кийин №32 Кочкор шайлоо округунда 16 талапкер.

Шайлоого катышып жаткан партиялар жалпы өлкө боюнча үгүт иштерине 10 миңге чейин, ал эми бир мандаттуу округдан талапкер болгондор 500 кишиге чейин үгүтчүлөрдү ала алат. Үгүт иштерине тартылгандардын тизмеси түзүлүп ал аймактык шайлоо комиссияларында болушу шарт.

Добуш сатып алуу боюнча арыздар

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды алдын алууга байланыштуу 29-октябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда кеңештин жетекчиси Нурипа Муканова бийлик буга чейин чуу менен бүткөн шайлоолордон сабак алышы керектигин билдирди.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

"Мыйзам бузууларга убагында чара көрүү өтө маанилүү. Себеби, былтыр шайлоодо мындай окуяларга бийлик тез реакция кылбай ал элди көчөгө алып чыкты. Добуш сатып алуу болуп, административдик ресурс 150% колдонулуп жатса да бийлик кыймылдаган эмес. Бул шайлоодо мыйзам бузууларга Ички иштер министрлиги, укук коргоо органдары бат чара көрүшү керек. Негизинен чечим кабыл алуу сот менен укук коргоо органдарында. Биз мындай фактыларга реакция болбосо аны президентке жеткиребиз. Анткени биздин кеңеш президентке карайт".

Шайлоонун үгүт иши башталып-баштала элек жатып партияларга, талапкерлерге каршы Боршайкомго арыздар түшүп жатат. №14 Жалал-Абад шайлоо округунан талапкер болуп катышып жаткан Шайырбек Ташиевге БШК эскертүү берди. Ал үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүргүзгөн. Шайырбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси.

Ага чейин Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов шайлоого аралашканы үчүн саясий иш чара бүткөнгө чейин кызматынан четтетилген. Бийлик Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынып эле тим болбостон жоопкерчиликке да тартыларын эскертип жатат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында түшкөн арыздар тууралуу маалымат берди.

"Ички иштер министрлигине 12 маалымат түшкөн. Бишкек боюнча бир, Нарын облусуна байланыштуу төрт, Баткенден бир, Ош облусунан бир, Ош шаарынан эки, Чүйдөн эки жана Жалал-Абаддан бир. Бул маалыматтардын көбү добуш сатып алууга байланыштуу. Азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. БШК эки-үч талапкерге кат түрүндө эскертүү берди".

Эл аралык республикалык институттун (IRI) сурамжылоосу.
Эл аралык республикалык институттун (IRI) сурамжылоосу.

Анын сөзүнө караганда, шайлоо күнү өлкөдө коомдук коомсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Андан тышкары 200дөн ашык документтештирүү топтору түзүлөт.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин юристи Айдар Мамбеталиев эң негизги көйгөй - административдик ресурс менен добуш сатып алуу экенин айтты.

"Буга чейин шайлоолордо тилекке каршы, ушул эки фактор шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда чоң роль ойноп келген. Байкоочулар, партиялар, талапкерлер ушул эки мыйзам бузууну токтотууга көңүл бурушса жакшы болот. Айрым майда мыйзам бузууларды аймактык шайлоо комиссиялары чечип алат. Бирок ушул эки фактор коркунучтуу".

Ал тапта Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстанда 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Сурамжылоого катышкандардан саясий партияларды жана талапкерлерди тандоодо чечимге таасир этүүчү факторлор тууралуу суроолор берилген. Анын жыйынтыгы боюнча Эл аралык республикалык институттун директору Димитар Стойков маалымат берди.

"Акыркы сурамжылоого салыштырмалуу Борбордук шайлоо комиссиясына болгон ишеним 3-4% жогорулады. 45% "шайлоо жакшы өтөт" десе, 50% жетпегени БШК шайлоону адилеттүү өткөрөөрүнө ишенбейт. Сурамжылоого катышкандардын 30% талапкерлердин билимине жана сабаттулугуна карашат. Дагы 30% талапкерлердин чынчылдык жана адилеттүүлүк сапаттарына маани беришет. 21% элге жардам бергенине, 21% кесипкөйлүгүнө көңүл бурат".

Кыргызстанда 29-октябрда башталган парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG