Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

Шайлоо-2021: Талапкер Шайырбек Ташиевге эскертүү берилди


Боршайком имараты.
Боршайком имараты.

Парламенттик шайлоого №14 Жалал-Абад шайлоо округунан талапкер болуп катышып жаткан Шайырбек Ташиев Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) эскертүү алды. Жазуу түрүндө эскертүү үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүргүзгөнү үчүн берилгенин Боршайкомдун басма сөз кызматы 29-октябрда билдирди.

БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна Ташиев боюнча арыз 23-октябрда түшкөн.

Андан мурдараак "Фейсбуктун" Пери Орозбекова аттуу колдонуучусу Шайырбек Ташиевдин бир тууган агасы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Барпы айылынын тургунуна жаңы курулган үйдүн ачкычын тапшырганын айтып, талапкердин жакын туугандары кайрымдуулук менен алектенүүсүнө мыйзам тыюу саларын билдирип чыккан.

БШК анын билдирүүсүн текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) жөнөткөн.

Сузак райондук милициясы ал үйдү жеке ишкер курганын, Камчыбек Ташиев ошол учурда айылда болгондуктан андан ачкычты салтанаттуу түрдө тапшырууну суранып кайрылышканын билдирген жана мыйзам бузуу болбогонун белгилеген.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Үгүт өнөктүгү бүгүн, 29-октябрда башталды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG