Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакцина сактоочу 200 муздаткыч алып берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга жакын арада ЮНИСЕФ эл аралык уюму аркылуу вакцина сактоочу 200гө чукул муздаткыч жабдуулары келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев 3-ноябрдагы брифингде билдирди. Ал медициналык кызматкерлер атайын окуудан өткөнүн кошумчалады.

“27-октябрда өлкөбүзгө Pfizer BioNTech вакцинасы келип түштү. Аталган вакцина -80 градуста сакталганы үчүн, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жыл башынан тарта даярдыктарды көрүп келдик”,- деди Кыргызбаев.

Азим Кыргызбаев Pfizer BioNTech вакцинасынын эрежесине ылайык, -80 градуста 6 айдан 9 айга чейин сактаса болот дейт. Ошондой эле -15-20 градуска чейин эки апта, +2-8 градуска чейин бир апта сактаса болорун айтты. Убактылуу эмдөө пунктарындагы +2 ден +8 градуска чейин муздаткыч жабдуулары өлкө боюнча жетиштүү.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 756 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Азыркы тапта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG