Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Бишкекте "Евробиримдик - Борбор Азия" экономикалык форуму өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-ноябрда Бишкекте "Евробиримдик жана Борбор Азия" биринчи экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев маалымат жыйынында билдирди.

Маалымат жыйынына Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала жана Кыргызстандын Белгиядагы элчиси Мухтар Жумалиев катышты.

Форумга Казакстандын, Өзбекстандын премьер-министрлери, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьер-министрлери келет. Европа Биримдигинин атынан уюмдун вице-президенти, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жетекчиси жана бизнес өкүлдөрү катышат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев форум учурунда Бишкектин айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турарын айтып, шаардыктарды түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

Буга чейин Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Бельгиянын борбору Брюсселге сапары учурунда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга кол коюларын билдирген.

Жапаровдун Брюсселге пландалып жаткан сапарынын так датасы азырынча айтыла элек.

Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтык 1999-жылы башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG