Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:02

Эгемендиктин оор жылдарында Өмүралиев көтөргөн жүк


Эсенгул Өмүралиев.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарындагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, дипломат, коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиевдин бейнесине сүртүмдөр. Ал тирүү болгондо быйыл 71 жашка чыкмак.

Өз ата-энесин “байке, жеңе” дечү

Каарманыбыздын ата-тегинен башталган жашоо жолу кызык, ары татаал. Эсенгул 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Касым көп жыл керек-жарак тармагында иштесе, апасы Дүйшөнбүбү өмүр бою мугалим болуп эмгектенген. Алты уулу-кызды эрезеге жеткиришет, балдарынын улуусу Эсенгул эле.

Эсенгулду алты ай, кызыл эт кезинен чоң атасы Өмүралы, чоң энеси Салыйман баккандыктан өз атасын “байке”, апасын “жеңе” деп чоңоет. Ал 7-класста окуп жатканда чоң атасы, 9-класста чоң энеси каза болуп, 17 жашында “байке-жеңенин” колуна келет.

“Атам аманатчылдыгы, тыкандыгы менен бизге үлгү болду. Ошол эле мезгилде атам талапты катуу койчу, кээде тентектигибиз үчүн катуу жазалачу. Апамдын мүнөзү атамдын карама-каршысы эле. Апамдын кырдаалды жумшарта билүү сапатынын жардамы менен атамдын “каарынан” кутулуп кетчүбүз”, - деген Эсенгул эскерүүсүндө.

Атасы Касым, апасы Дүйшөбүбү, досу жана инилери менен
Атасы Касым, апасы Дүйшөбүбү, досу жана инилери менен

Эсенгул Өмүралиевдин үй-бүлөсү 1916-жылдагы Үркүндүн азабын катуу тарткан. Чоң атасы Бапа байбичеси менен балдары Өмүралы менен Өмүрзакты алып Кытайга качып баш калкалоого аргасыз болот. Жолдо мал-жанынан айрылат, азаптуу жашоонун азабынан Бапа ата Кытайда каза болуп, сөөгү чет жерге коюлат. Абышкасынан айрылган Шарипа апа шал болуп, эки буту баспай калганда эки баласы алмак-салмак жонуна көтөрүп, ызгаар кырды, азаптуу ашууларды ашып, ата конушу Ысык-Көлгө алып келишет.

Өмүралы ата аймакта кадыр-баркы бар, мал-жандуу, бей-бечарага колундагысын бөлүшкөн кайрымдуу адам катары белгилүү эле. Берешендигинен эл арасында “чоң кол” деген атка конгон. Иниси Өмүрзак ата эки бала, бир кыздуу болуп жай турмуш өткөрөт, кийин Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, кан майданда каза болот.

Ийне менен кудук казам, деген...

“Байке, жеңесинин” тарбиясын алып чоңойгон Эсенгул 1967-жылы Тоң районунун Бөкөмбаев айылындагы М. Горкий атындагы мектепти күмүш медал менен бүтүрүп, Фрунзедеги политехникалык институтка өтүп, аны ийгиликтүү аяктайт. Эмгек жолун Электромеханика илим изилдөө институтунда илимий кызматкер катары баштайт. Институттун директору Карыпбек Алымкулов илимий жетекчи болуп, изилдөө иштерине кирише баштайт.

Өмүрлүк жары Анаркүл менен Москвада
Өмүрлүк жары Анаркүл менен Москвада

"Эсенгул Өмүралиевди студент кезинен бери билип калдым. Көп окуган, көптү билген, жаңы нерселерди бат өздөштүрүп, маңызына жете билген жаш жигит эле. Ошол студенттик кездеги мүнөзү өмүр бою калды. Бир дагы кишинин көңүлүн калтырбаган, орду менен сүйлөгөн, улуу-кичүүгө адамгерчилик менен мамиле кылган адам болчу”,- дейт устаты Карыпбек Алымкулов.

“Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” демекчи илимге из салам деген Эсенгулдун эмгек жолунда 1976-жылы бурулуш болуп, Ысык-Көлдөгү Кажы-Сай электротехникалык заводуна конструкторлук бюронун башчысы кызматына которулуп кетет. Мындай чукул өзгөрүүгө борбордо үй-жайдын жоктугу да себеп болгондой. Эсенгул аба бир эскерүүсүндө “жаңы эле жумушка орношорум менен эки бөлмөлүү квартира беришти, балдарымды бала бакчага жайгаштырды, колуктум өз адистиги боюнча инженер болуп иштей баштады” деп жазат.

Эсенгул институтту бүтөр жылы курсташы Анаркүлгө баш кошуп, эки жаш үй-бүлө түтүнүн булата баштайт. Үч уул, эки кызды татыктуу тарбиялашып, 45 жыл бирге өмүр сүрүштү. Анаргүл жеңенин “Мага кудай кайра жашоого мүмкүнчүлүк берсе, кайра эле Эсенгул менен жашамакмын” дегени өмүрлүк жарына болгон таза сүйүүнүн, сый-урматтын, кадыр-баркынын деңгээлин көрсөтүп турат.

Кажы-Сайдын кадырын көтөрүп...

Кажы-Сай электротехникалык заводу 1966-жылы уран өндүргөн ишкананын базасында түзүлгөн. Өндүрүш жогорку чыңалуудагы жарым өткөргүч жабдууларды чыгарууга адистешип, продукциялары СССРдин аскердик комплексине жөнөтүлөрүн убагында элдин көбү билчү эмес. Завод түздөн-түз бүткүл союздук министрликке баш ийип, Кажы-Сайдын инфраструктуралык, социалдык маселелери жогору жактан чечилип турчу. Таңсык товарлар, импортттук азык-түлүктөр атайын ташылып келчү. Ошондуктан заводду “московское обеспечениеде” деп аташчу. Шаарчанын эли, ишкананын жумушчу-кызматчылары да ар кошкон улуттан турар эле.

Мына ошол Москванын көз алдында турган көп улуттуу Кажы-Сайда Эсенгул Өмүралиев 14 жыл өмүр кечирип, турмуштун, өндүрүштүн, жетекчиликтин да чоң мектебинен өткөн. Конструкторлук бюронун башчылыгынан үч заводдун башын кошкон Ысык-Көл электротехникалык заводдорунун башкы директорлугуна чейинки түйшүктүү жолду басып өткөн. Ал жылдары заводдордо өндүрүлгөн продукциянын саны 20га жетип, ар бири 140 орундуу үч бала бакча курулуп, жаңы үйлөр, жатакана, мектептер, ооруканалар пайдаланууга берилгенин көлдүктөр сыймыктануу менен эскеришет.

“Биздин өндүрүштүк бирикме СССРдин электротехника Өнөр жай министрлиги жарыялаган социалисттик мелдеште бир нече жолу жеңүүчү болду. Ушундай ийгиликтерден улам Кажы-Сай заводунун жамааты 1990-жылы менин талапкерлигимди Жогорку Советтин депутаттыгына сунуштап, жыйынтыгында парламентке депутат болуп шайландым” деп каарманыбыз эскерүү калтырган. Ошентип Кажы-Сай шаарчасы Эсенгул Касымовичти чоң саясатка алып келген.

“Жетинин бири”, 114түн экиси эле

Совет заманында кимдин депутат болушун жогоку бийлик өзү чеччү, өзү бөлүштүрчү, күрөштүн карааны да жок эле. 1990-жылы кыргыздын соңку тарыхында парламент депутаттарын биринчи жолу атаандаштык негизде шайлоого мүмкүнчүлүк берилген. Андай шарттан пайдаланып, Кажы-Сай заводунун жамааты жетекчиси Эсенгул Өмүралиевди Жогорку Советтин депутаттыгына көрсөтө салышат.

Ага чейин Кыргызстан КП БКнын, обкомдун бюросу ал округга “Центральная” шахтасынын жумушчусун коюуга макулдашып алышат.

Бир нече жолу райондук, облустук парторгандарга чакырышып, шахтердун пайдасы үчүн талапкерлигин алып коюуну суранышат. Эсенгул эки оттун ортосунда калат, бирөөнү тандаш керек болот.

Тараза ташын койгондо, адилет талдап, “жети өлчөп, бир кескенде” Өмүралиев үчүн 14 жыл эмгектенген бир тууган жамаатынын колдоосу баарынан бийик эле.

“Ошол шайлоодо менин инилерим талапкерлигимди койдурушуптур. Ал шайлоо округунан Эсенгул Өмүралиевдин койгонун угуп, мындай татыктуу жетекчи менен жол талашпайм деп талапкерлигимди алып койдум”,- деп жазат Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев.

Кыскасы, жамааттын, аксакалдардын, жалпы элдин бийик колдоосу Өмүралиевди Жогорку Кеңешке депутат кылган. Ал “легендарлуу парламенттин” 350 депутатынын бири боло алган жок.

Биринчи эле күндөрү топтон суурулуп чыгып, күн тартибиндеги маселелер боюнча өзүнүн терең билими, бай тажрыйбасы, оор басырыктуу мүнөзү менен замандын талабына жараша ачык айтып, ак сүйлөп жатты. Өмүралиев деген ысым элдин назарына, бийликтин көзүнө көрүнө баштады.

Ал кезде кыргыз коомунда, парламентинде тоталитардык, коммунисттик бийликти кулатуу, демократиялык коомду куруу талаптары күргүштөп жаткан. Көп өтпөй Жогорку Советте демократиялык көз караштагы 114 депутаттан турган топ (оппозиция) пайда болду. Алар “Кыргызстандагы демократиялык жаңылануу үчүн, атуулдук ынтымак үчүн” деген билдирүү менен чыгышты. Мына 114 түн ядросун түзгөндөрдүн бири, ордо башынын уюткуларынын экиси – Эсенгул Өмүралиев болгон.

Ошол “легендарлуу парламенттеги” коллегелары Өмүралиевди “парламентеги эң билимдүү депутаттардан эле, дайыма салмактуу, аргументтүү, ишенимдүү сүйлөгөн эл өкүлү эле (М. Шеримкулов), саясатка өндүрүш аркылуу, реалдуу экономика аркылуу, аны ичинен өтө терең билген адам катары келип кошулду (А. Эркебаев), мамлекеттин негизин түзө турган фундаменталдуу мыйзамдарды жазууга катышты (К. Асанов), парламент тажрыйбалуу, таанымал, абройлуу адамдардан куралган болсо, анын бири Эсенгул Касымович эле (А. Муралиев), “114” депутаттык тобунун арасындагы эң таанымал төрт-беш депутаттын бири эле” (Н. Касиев), деп жогору баалагандарын окуйбуз. Эскерте кетсек, Э. Өмүралиев башында турган демократ депутаттардын 114ү Кыргызстандагы коммунисттик бийликти кулатууда зор кыймылдаткыч күч болуп, академик Аскар Акаевди бийликке алып келүүдө чечкиндүү чоң роль ойногон.

Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов менен
Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов менен

Өкмөттөгү Өмүралиев

1991-жылы Аскар Акаев президент катары ээрге бекем отургандан кийин Насирдин Исанов баштаган жаңы өкмөттүн курамын сунуш кылып, өнөр жай министри кылып Эсенгул Өмүралиевди дайындайт. Ал кезде Кыргызстандын өндүрүш тармагы чачкын эле, өнөр жай ишканалары республикага жана союздук органдарга түз баш ийген болуп иштеп келген.

Жаңы министр Өмүралиевге “эки баштуу тармактын” башын кошуп, жөнгө сала турган жобону иштеп чыгуу милдети турду, күн-түн иштеп бир айда бүтүрүштү. Кыска убакыт ичинде оор, жеңил өнөр жайын, курулуш материалдарын чыгарган, кайра иштетүүчү, союзга баш ийген ишканаларды, анын ичинде аскердик-өндүрүш комплексин жана энергетиканы бир системага салып, ыкка келтирип, иштетип кетүүдө Өмүралиевдин мыкты уюштуруучулук, жетекчилик сапаты ачылганын көп айтышат.

Ал учурду мурдагы премьер-министр А. Муралиев минтип эскерет:

“Бизге мурунку бийликтен аябай оор мурас калган. Өлкө каржылык оор абалда эле. Ага карабай мамлекеттин экспортун көбөйтүү тапшырмасын бердим. Биз бул жаатта ийгиликтүү иштедик, оор жагдайлардан өз күчүбүз менен чыга алдык. Опол тоодой оор милдеттерди аткарууда Эсенгул Касымовичтин эмгеги нар көтөргүс болгон”.

Кыргызстандын өнөр жай тармагы оор кризисти башынан кечирип жатканда мамлекет башчы Өмүралиевге вице-премьер-министр кызматына келүүнү сунуштаган. Ага кошуп Мамлекеттик мүлк фондун жетектөөнү, тышкы соода тармагын координациялоону, КМШ уюмунун координациялык кеңешинде Кыргызстандын өкүлү болуу милдетин жүктөдү. Мынча оор жүктү аткаруу үчүн адамда кандай билим, кандай энергия, кандай убакыт керек, бир жактуу айтуу кыйын.

Мындай оор шартка карабай ички-сырткы сооданы либералдаштыруу, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, кыргыз валютасы – сомду киргизүүдө, Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдарда улуттук кызыкчылыктарды коргоодо Өмүралиев өзүн либерал саясатчы, чечкиндүү, калыс жетекчи, мекенчил мамлекеттик ишмер катары көргөзө алганын көп айтышат.

“Өзгөчө майталкан деп эсептелген Маммүлк фондусун башкарып турганда Эсекемдин бир нерсени менчиктеп алганын, аны арты менен бир жаман сөз ээрчиткенин уккан жокмун”,- дейт мурдагы айыл чарба министри Карыпбек Асанов.

“Адистиги, тажрыйбасы, тазалыгы боюнча Эсенгул агайдай адамдар аз. Ал экономиканы, өндүрүштү, коомдук өнүгүүнүн мыйзамдарын өтө терең анализдеп билип турчу”, - деп эскерет экс-премьер-министр Темир Сариев.

Көрүлгөн чараларга карабай 1992-1995-жылдары өндүрүштүн жана сооданын көлөмү кескин төмөндөп кеткен. Мамлекеттер аралык сооданын деңгээли күн санап түшүп жатты.

Өзгөчө КМШ мамлекеттеринин ортосундагы соода-алакада квота, бажы төлөмдөрү, транзиттик жана салык төлөм ж.б. жаңы тоскоолдуктар пайда болду. Кыргыз өкмөтү макроэкономикалык абалды турукташтыруу үчүн башка жолдорду издеп жатты. Ошондон улам 1995-жылы президент Аскар Акаевдин демилгеси менен кыргыз өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү тууралуу чечим кабыл алат. Ага даярдык көрүү, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, документтерди түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жетекчилигине Эсенгул Өмүралиев дайындалат.

Кыргызстан 1996-жылдын башында Дүйнөлүк соода уюмунун секретариатына (Женева, Швейцария) уюмга мүчө болуу ниетин билдирип арыз берди. Ошондон баштап түйшүктүү күндөр башталды. Бир жыл өтпөй Кыргызстан ДСУга байкоочу мамлекет статусун алды. Андан соң өлкөнүн сырткы соодасы, укуктук базасы, тариф режими боюнча меморандум даярдалып, ДСУнун мүчө мамлекеттерине таратылды. ДСУнун 30дан ашык мамлекеттеринен 400гө жакын суроолор жаады, алардын баарына кесипкөйлүк менен жооп берүү зарыл эле, ал аткарылды. ДСУга кирүү үчүн далай документтер даярдалды, аргументтүү жооптор, ишенимдүү булактар, так позицияларды билдирген, талкуулаган, талашып-тартышкан эки тараптуу, көп тараптуу далай консультациялар, сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргызстан ДСУнун бардык талаптарын аткарды.

Мамлекеттин түйшүктүү, опол-тоодой ишин моюнуна артып, анын оор жоопкерчилигин алып, өл өлкөсүн Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна татыктуу мүчө болуусуна Эсенгул Өмүралиевдин эмгеги ат көтөргүс, нар көтөргүс экендигин көпчүлүк эл биле бербейт. “КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстандын ДСУга мүчө болуп киришинде Эсекемдин эмгеги ат көтөргүс. Ал жетектеген сүйлөшүү жүргүзүү тобу ДСУдан көптөгөн жеңилдиктерди алууга жетишти. Бул дагы Эсенгул Касымовичтин баралына жетип, мамлекетибиздин эң жогору кызматтарынын бирине татыктуу экендигин далилдеп турду”, - дейт дипломат Бөрүбек Аширов.

Дасыккан дипломат

Эсенгул Өмүралиев 10 жылга жакын өмүрүн кыргыз дипломатиясынын өнүгүшүнө берди. Ал 1997-2016-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Беларус, Литва, Латвия, Польша, Украина, Казакстанда толук жана ыйгарым укуктуу элчи болуп үзүрлүү иштегенин билебиз. “Дипломатиялык кызматта жүргөн бардык жылдарда экономикалык дипломатияны өнүктүрүүгө чоң көңүл бурдум, анткени андан мен башкы милдетти жана мамлекет үчүн башкы кызыкчылыкты көрдүм” деп Өмүралиевдин өзүнүн жазганын окуйбуз.

Ооба, элчибиз жазгандай Кыргызстандын экономикасы түз инвестицияларга, жаңы рынокторго, алдыңкы технологияларга, биргелешкен долбоолорго муктаж экенин бүгүнкү турмушубуз да далилдеп келатат. Өмүралиев элчи болгон мамлекеттер менен Кыргызстандын ортосундагы, өзгөчө соода-экономикалык кызматташтыгынын көлөмү бир нече эсе жогорулаганын билебиз. Элчи болгон өлкөлөр менен карым-катыштын жакшы жолго түшүүсүнө, мамилелердин жакшырып, маселелердин тез чечилишине Өмүралиевдин мурдагы өкмөттө иштеген жылдары таанышкан, чогуу иштеген коллегаларынын жардамы көп тийгенин байкайбыз.

Дипломат Эсенгул Өмүралиев Казакстанга болгон таасири өзгөчө болгонун да жашырбайт. “Астанада элчи болуп иштеген төрт жылда биз өзүбүздү үйдөгүдөй сездик. Биздин эсибизде Казакстандын кооз шаары, учу-кыйырсыз кең талаасы, суук шамалы түбөлүк калат”, - деп жазат элчибиз.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев “Дипломатиялык кесипке атайын окугандар бар. Бирок, миң окуса да дипомат боло албагандар бар. Өмүралиев тубаса дипломат болчу. Мамлекет башчылары, айрыкча Казакстандын президенти Эсекем жөнүндө жакшы пикирлерин айткан” деген баасы көп жүктү көтөрүп турат. Казак академиги Бакыт Рустемовдун “мен Эсенгул Касымовичтен маңдайы жарык, акылман, турмуштук тажрыйбасы мол адамдын портретин көрөм. Аны көз каранды эмес жаңы кыргыз мамлекетинин калыптанышында зор эмгек сиңирген көрүнүктүү адамдардын бири деп эсептейм” деп жазганы жалпыбыз үчүн сыймыктуу көрүнүш.

Бакыт Орунбеков, саясий илимдеринин кандидаты

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG