Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:28

"Жайыттар деградация болуп, токойлорду талкалап жатабыз"


Жалал-Абаддагы Арстанбап токою. Архив сүрөт

Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинин биринчи күнүндө 2030-жылга карата Жер шарындагы токойлорду кыйганды токтотуп, мүмкүн болушунча кайра калыбына келтирүү боюнча дүйнөлүк 100 лидердин биргелешкен билдирүүсү жасалды. Токойлордун жок болуп баратышын токтотуу милдеттенмелери камтылган документке кол коюлду.

Бул Кыргызстанда дагы экологиялык курч маселелердин бири. 2000-жылга чейин өлкөдөгү токой аянты кескин азайган. Буга элдин социалдык-экономикалык оор абалы түрткү болгон. Соңку 20 жылда бир топ токой аянттары кайра калыбына келгени менен мал көбөйгөн сайын жер кыртышынын сапаты начарлап, бузулуп барат дейт адистер.

Жалпы аянтынын беш жарым пайызын тоо токойлору ээлеген Кыргызстандагы азыркы жагдайы тууралуу Улуттук жана экологиялык коопсуздук маселелерин иликтеп жүргөн, “Тоо токой” концепциясынын автору Азамат Темиркулов менен маектештик.

- Азамат мырза, Кыргызстанда токойлордун азыркы абалына кандай баа бересиз, жагдай кандай?

- Кыргызстанда токой - эң маанилүү экосистема деп айтсак болот. Себеби, токойлор абанын табын төмөндөтүп, нымдуулугун арттырат. Нымдуулук жаанга, карга айланып мөңгүлөргө жаайт. Демек, токой - Кыргызстанда мөңгүлөрдү сактай турган негизги факторлордун бири. Азыр Кыргызстанда мөңгүлөрдү сактап калуунун токойлорду көбөйтүүдөн башка чарасын айталбайм. Бизде мөңгүлөрүбүз бат ээрип жатат. Акыркы элүү жылда 20% мөңгүлөрүбүз ээрип жок болду. Ушул жүз жылдыкта 80% мөңгүлөрүбүздүн ээрип жок болуп кетишин илимпоздор коңгуроо кылууда.

Ушундай мөңгүлөрдүн жок болушунун алдын алуу чарасы биздин токойлорго байланышкан. Биздин өлкөнүн 5,5% токойлор ээлеп турат. Бирок, ошол токойлорубуздун аянтын кырскартып жатабыз. Мыйзамсыз кыйып жатабыз, малыбызды ошол токойлорго жайып баштадык. Анткени жайлоолорубуз абалы начарлап баратат. Жайыттарыбыздын 70% деградация болуп бүттү. Жакшы жайыттарыбыз кыскарган сайын фермерлер токой аралатып мал жайып жатышат. Мал болсо токой арасынан чөп менен кошо жаңы чыгып жаткан токойлорду, көчөттөрдү жеп салып, жаңы жаш токойду тебелеп жок кылып жатат. Биз ушундай туура эмес экономикалык саясат менен, туура эмес жүргүзүлүп жаткан мал чарабасы менен өзүбүзгө эле зыян келтирбей жаратылышка дагы чоң залал келтирип жатабыз. Токой аянтын кысартып жатканыбыз - мөңгүлөрдүн аянты кыскарышына алып келүүдө.

Чаңызгыган жайыттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:52 0:00

- Кыргызстандагы тоо токойлорунун 50% эскирген, жаңыланууга муктаж деген маалыматтар айтылып жүрдү эле.

- Бул абдан туура сөз. Анткени мен жогоруда айткандай, мал чарбачылыгы токойдун жашарышына тоскоол болуп жатат. Жаңы токойлор, жаш көчөттөр жетилбей жатат. Картайгандары болсо дагы 50-60 жылда жок болсо, ордун басчу жаш карагайлар жетилбей калат. Бул чоң көйгөй. Муну калыбына келтириш үчүн биринчиден, мал чарбачылыгын калыбына келтиришибиз керек. Фермерлерди асыл тукумдуу чарбаларага айландырууга багытташ керек. Токойлорго жетпегендей, жайыттарды сактап клагандай саясат болушу керек. Мындан тышкары азыр колдо бар токойго жардам берип, коргоп, жаңыларын олтругузуп, аянтын кеңейтүү зарыл.

- Мамлекет тарабынан, тиешелүү кызматтар тарабынан токойлорго мамиле, көңүл буруу, коргоо боюнча аракет барбы?

- Аракет болуп жатат. Тиешелүү тармактар аракеттенип жатат. Бирок натыйжасы жакшы байкалбайт. Бир жагынан жаңы токойлорду олтургузушса, экинчи жагынан мал чарбасы ал аракетти жокко чыгарууда. Ошондуктан биз алдын алуу чараларына маани берип, мал чарабсын бир жолго салыш керек. Менимче, азыр ушул токой чарба кызматын айыл чарба министрлигине кошкону абдан туура болсо керек. Анткени ушул багытты колго алышса, жакшы натыйжа болмок. Анткени бир министрлик ичинде көзөмөлдөгөн оңой болот эле да.

-Кыргызстандагы токойлордун абалы, өзгөрүүлөр боюнча кандайдыр бир илимий изилдөөлөөр жүрөбү?

- Албетте, бар. Өзүбүздүн илимпоздор деле, эл аралык илимий коомчулук деле жөн жаткан жок. Түрдүү адистер тарабынан даярдалган отчеттор, маалыматтар менен адабияттар даярдалган. Болгону ошол маалыматтарды туура, натыйжалуу пайдалануу маселеси бар да. Анан да бул токойчулуктун логикалык ыкмалар менен системдүү иш алып барчу жолдору болушу керек. Мисалы биздеги токойчулар болбогон айлыкка өтө чоң аянтты корукташат. Шарттары мактанаарлык эмес, түйшүгү оор. 3-4 миң сомго анан өтө чоң аянтты карап бер деп талап кылыш өзү туура эмес. Ушуга окшогон бир топ маселелерди чечип, коомчулуктун да аң сезимине жеткирсек бир топ жылышты күтсө болот.

Биздин коопсуздуктун түп тамыры ушул экологиялык коопсуздукка байланганын билишибиз керек. Себеби мөңгүлөр азыркыдай ээрип турса, бизди эч нерсе сактап калалбайт. Мен айтып жаткан мал чарба саясаты, токойлорду сактоо, мөңгүнүн аянтын кеңейтүү, мөңгүлөрдү сактоо түздөн-түз Кыргызстандын коопсуздук маселелери.

Мындан биздин Кыргызстандын эле экономика, экологиясы көз каранды эмес. Бул маселеден бүтүндөй Борбор Азиянын тынчтыгы, коопсуздугу байланган. Ошондуктан бул маселеде баарыбыз, токой чарба кызматы, айыл чарба министрлиги жана коопсуздукту камсыздаган кызматтар баары чогуу аракеттенип, бирдиктүү иш чараларды бекитип иш алып барышы керек. Тоо токойдун аянтын кеңейтпесек анда мөңгүлөрдүн ээриши көбөйөт. Сунун айланасында маселелер көтөрүлөт.

Азыр деле суу маселеси бар. Ал эми мөңгү кыскара баштаса, бул маселе күн тартибине чыгат. Суунун айланасындагы пикир келишпестиктер күчөйт. Ошону алдын ала турган бир эле маселе бул тоо токойлорун аянтын кеңейтүү. Борбор Азиянын коопсуздугун, аймактык тынчтыкты кепилдей турган бир фактор катары тоо токойлору аркылуу мөңгүлөрдү сактап калууну ойлошубуз керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG