Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

ИИМ кыз ала качып бараткандар кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 2-ноябрда 18 жаштагы кызды ала качып бараткан үч жигит кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, Чүй милициясына кечки саат 21:30дар чамасында Аламүдүн районунда эки бейтааныш бала 2003-жылы туулган кызды уурдап, болжол менен Талас облусу тарапка жол тартканы тууралуу маалымат түшкөн. Атайын түзүлгөн пландын негизинде "Сосновка" стационардык постунан "Лексус" үлгүсүндөгү машина токтотулуп, кыз куткаралды. Машинада үч жигит болгон жана алар кызды эркине каршы үйлөнүү максатында уурдап баратканы белгилүү болгон. Колго түшкөн үч жигит Жайыл райондук тергөө кызматына жеткирилди.

Кыргызстанда кызды эркине каршы ала качкан учурлар тыйылбай жатат. Сентябрь айында милиция 20 жаштагы кызды Токтогулга алып качып бараткан жигитти кармаган. Ушул жылдын 20-майында 19 жаштагы кызды Таласка алып качып бараткан эки жигит колго түшкөн.

Быйыл февраль айында да Чүйдө кыз уурдоо фактысы аныкталып, Токмок шаарынан ала качып баратышкан 17 жаштагы кызды милиционерлер жакындарына өткөрүп беришкен.

Кыргызстанда кыздарды уурдагандарга жаза эки ирет күчөтүлгөн. 2013-жылы күнөлүүнү жети жылга кесүү тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, 2019-жылы аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси (175) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG