Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Равшан Жээнбеков конституциялык укугу бузулганын айтып чыкты


Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында.
Равшан Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында.

Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карай баштады. Мунун алдында саясатчы журналисттердин суроосуна жооп берип, үгүт кампаниясы учурунда шайлоочулар менен жолугуша албай, конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтты.

"Кыргызстанда жалгыз гана мен түрмөдө камалып, конституциялык укуктарым бузулуп отурам. Бул саясий басым жана саясий өч алуу. Шайлоого кое бербей коюу аракети болуп жатат. Бийлик сотторду пайдаланууда. Мен шайлоочулар менен жолуга албай, маалымат каражаттарына чыгуу мүмкүнчүлүгүм чектелип жатат", - деди Жээнбеков.

Тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттаган. Буга байланыштуу адвокат анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгаруу боюнча сотко арыз жолдогон. Жактоочу ал камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдирүүдө.

Отурум 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болмок, бирок судья ооруп калгандыктан 3-ноябрга жылган.

БШК мүчөлөрү шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы иш соттун колунда экенин айтып, талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдиришкен.

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра камоо чечимин чыгарган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп сыпаттаган. Жарандык коом аны саясий туткун деп мүнөздөп келет.

Равшан Жээнбеков 10-январдагы президенттик шайлоодо да талапкер болуп, бирок сот чечиминен улам Бишкектен сыртка чыгып үгүт жүргүзө алган эмес.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталды. (КЕ/KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG