Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Элчилик орус полициясы сабаган кыргызстандык жаранга байланыштуу нота жөнөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада полиция кармаган кыргызстандык жаранга байланыштуу билдирүү таратты.

Социалдык тармакта тараган видеодо орус полициясы кыргызстандык экени айтылган адамга күч колдонуп атканы тартылган.

Билдирүүдө окуя 2-ноябрда Хорошевск районунда орун алганы, ал жарандын тек-жайы такталганы айтылат.

Мындан улам элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Москва полициясына окуянын ар тараптуу иликтенишин, күч кызматкерлеринин аракетине укуктук баа берилишин өтүнүп нота жолдоду.

Ушул жылдан март айында Москвада дагы бир кыргызстандык жаран полициянын ур-токмогуна кабылган жана мындан улам ал мигранттарга колдоо көрсөткөн укук коргоочуларга кайрылган.

Бир жыл мурун 26 жаштагы кыргыз жаранын Кремлге жакын жерде ондогон полиция кызматкерлери сабаганы, баш сөөгү менен эки буту жабыркаганы белгилүү болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда кыргызстандык мигранттардын саны 600 миңден жогору, бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG