Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Сузакта окуучуга коронавирус жугуп, 31 жаран карантинге алынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 10-класстын окуучусу коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу “Азаттыкка“ президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди. Ал окуучу менен байланышта болгондор да текшерилип жатканын кошумчалады.

"Бизге эртең менен маалымат келип түштү. Учурда аны менен контакта болгондор жана 10-класстын окуучулары онлайн окуп башташат. Анткени вирустун алдын алуу аракеттери жүрүүдө. Эгер мектеп алгоритмди сактабаса, балким жабууга туура келет", - деди Ызабеков.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, Багыш айыл аймагындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучусу коронавирус жугузуп алган. Бүгүнкү күндө 12 мугалим, окуучу менен байланышта болгон 14 адам, үй-бүлөсүнөн 5 адам карантинге алынды.

3-ноябрга карата өлкө боюнча ушул тапта 605 бейтап ооруканада, 803ү үйдө дарыланууда. Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 181 миң 425 кишиге жетти. Коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2676кө жетти.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 756 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG