Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

Дүйнөдөгү токойлорду сактап калууга 19,7 миллиард доллар бөлүнөт


Орусиядагы токойлордун бири, Орусиянын лидери Глазго саммитине катышкан жок
Орусиядагы токойлордун бири, Орусиянын лидери Глазго саммитине катышкан жок

Шотландиянын Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча 26-конференциясы уланууда. Анын 1-2-күнүндө сөз сүйлөгөн дүйнө лидерлеринин дээрлик бардыгы кооз сөздөн ишке өтүү убактысы келгенин айтышты. Ошондой эле, токойлорду коргоо, метан газынын абага бөлүнүп чыгуусун азайтуу жана жашыл технологияга өтүүнү тездетүү боюнча милдеттемелерди алышты.

Дүйнөнүн 114 өлкөсү 2030-жылга чейин кыртыштын бузулуусун токтотуп, токойлорду сактап калууга милдеттеме алышты. Бул үчүн климаттын өзгөрүүсүн каржылоого жооптуу мамлекеттерден 12 миллиард АКШ доллары, ал эми менчик каражаттан 7,2 миллиард АКШ доллары бөлүнөрү белгилүү болду.

Токойлорду сактап калуу, кыртышты туура пайдалануу боюнча декларация кабыл алынды.

Дүйнөдөгү 4 миллиард гектар токойдун үчтөн бир бөлүгү көмүртек газынан улам жылына жоголууда.

Отуздан ашуун глобалдык уюмдар токойду кыюуну токтотууга багытталган инвестициялык программаларды ишке ашыруу милдетин алды.

Метан газы боюнча глобалдык макулдашууга кол коюлду. Аны 35 дүйнө лидери колдоп, жакынкы он жылда таза энергия булактарын киргизүү иштерин аткарышат. Бул макулдашууга АКШ, Индия, Евробиримдиктин өлкөлөрү жана айрым өнүгүп келе жаткан мамлекеттер кошулду.

Каржылык жоопкерчиликти Евробиримдик, Канада, Британия, Франция алды. Глазгодогу глобалдык саммитке Кыргызстандан Садыр Жапаров барып катышып, 2-ноябрда сөз сүйлөдү. Ал Борбор Азиядан бул иш-чарага барган жалгыз лидер болду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG