Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Шайлоо: Жээнбековдун маселеси БШКнын жыйынында көтөрүлөт


Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн арызын БШКга тапшырууда. 12-сентябрь, 2021-жыл.
Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн арызын БШКга тапшырууда. 12-сентябрь, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Маматов үгүт иштеринде бардык талапкерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин эске салып, Боршайкомдун жыйынында абакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековдун маселесин көтөрө турганын билдирди. Маматов Равшан Жээнбековдун үгүт иштеринде шарт түзүү үчүн мыйзамдарды карап чыгуу керек экенин “Азаттык” радиосуна маалымдады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 3-ноябрда саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды.

Адвокат Замир Жоошевдин парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин Жээнбековду абактан бошотуу жана ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берүү боюнча өтүнүчү канааттандырылган жок.

Судья Азирет Медеров саясатчынын өтө оор абалда экенин тастыктаган медициналык аныктамалар жок деген жүйө келтирди.

Жараяндын алдында саясатчы журналисттердин суроосуна жооп берип, үгүт өнөктүгү учурунда шайлоочулар менен жолугуша албай, Конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтты. Жактоочу ал камактан бошотулуп, талапкер катары толук кандуу үгүт жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин билдирген.

51 жаштагы экс-депутат Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра камоо чечимин чыгарган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты куугунтук деп сыпаттаган. Жарандык коом аны саясий туткун деп мүнөздөп келет.

Равшан Жээнбеков 10-январдагы президенттик шайлоодо да талапкер болуп, бирок сот чечиминен улам Бишкектен сыртка чыгып үгүт жүргүзө алган эмес.

Буга чейин Жээнбековдун ден соолугу начарлаганын, ал "өнөкөт гепатитке" жана башка вирустук-инфекциялык ооруларга чалдыкканын жакындары жана жактоочусу дарыгердин аныктамасына таянып билдиришкен. Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт өнөктүгү 29-октябрда башталган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG