Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Бишкек мэриясында экстремизмге каршы күрөш талкууланды


Бишкек мэриясындагы жыйын. 3-ноябрь, 2021-жыл.
Бишкек мэриясындагы жыйын. 3-ноябрь, 2021-жыл.

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаадагы диний кырдаал, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында район жетекчилери, шаардык милициянын, билим берүү башкармалыгынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты. Вице-мэр Мозгачева жарандардын, өзгөчө өспүрүмдөр арасында психолог жана эксперттер менен бирге түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы маалымат жыйынында сүйлөп жатып Кыргызстандын мектептери бардык диндерди бирдей окутууга өтөрүн айткан. Ал бул багытта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып ишти баштоо тапшырмасы берилгенин билдирген.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө калкынын 80% ашууну мусулманчылыкты карманат. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Жалпысынан өлкөдө 3 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG