Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Өзбекстанда соцтармактарга бөгөт койгон жетекчи кызматтан алынды


Өзбекстанда Маалымат жана телекоммуникация тармагын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын ("Узкомназорат") башчысы Голибшер Зияев жумуштан бошотулду.

Буга чейин инспекция Facebook, Instagram, "Одноклассники", Telegram, LinkedIn, YouTube, "Мой мир" жана башка сервистерди жеке маалыматтарды сактоо укугун бузгандардын тизмесине киргизип, аларга кирүүгө чектөө койгон.

“Президенттин тапшырмасы менен Маалымат жана телекоммуникация тармагын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын ("Узкомназорат") башчысы Голибшер Зияев туура эмес жана макулдашылбаган аракеттери үчүн кызматтан алынды. Анын бул аракети тергелет”, – деп жазды президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов.

Ал жакын арада социалдык түйүндөргө кирүү толугу менен калыбына келтирилерин кошумчалады.

"Узкомназорат" буга чейин жеке маалыматтарды сактоо укугун бузгандардын тимесин түзгөн. Ага июлда Twitter, TikTok, "ВКонтакте" жана Skype киргизилип, алардын өлкөдөгү иши чектелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG