Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында (U-23) финалга чыкты


Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалында. Осло, Норвегия. 5-октябрь, 2021-ж.
Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалында. Осло, Норвегия. 5-октябрь, 2021-ж.

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт. Күрөш Дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы 3-ноябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта жарым финалда америкалык Кайли Рении Валкерди 8:0 эсебинде жеңип алды. Эми алдыда 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү алтын байге үчүн колумбиялык Татиана Рентериа менен беттешет.

Жарым финалга чейин Айпери Медет кызы эки беттеш өткөрдү. Алгач Эквадор өкүлү Генезис Росангалены (4:0), чейрек финалда индиялык Бипаша Бипашаны жеңип алган эле (4:0).

Бул дүйнө чемпионатында Кыргызстандан дагы бир балбан кыз Назира Марсбек кызы 57 килограмм салмакта күчүн сынайт.

Айпери Медет кызы 22 жашта. Ал бир ай мурда Норвегиянын Осло шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. Ал жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), Дүйнө чемпионатынын күмүш (2016-ж.) байгелеринин ээси. Кыз-келиндер (чоңдор) арасында Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (Индия, 2020-жыл, Казакстан, 2021-ж.).

Күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионаты 7-ноябрга чейин уланат. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча байгелер ойнотулган. Алдыда эркин күрөш боюнча таймаштар да бар. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG