Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 21:20

Тажик абагында отурган Артыковдун үй-бүлөсү жардам сурайт


Саидакмат Артыков. Сүрөт анын үй-бүлөсүнүн уруксаты менен жарыяланды.

Тажикстандын Жийделик айылында жашаган Кыргызстандын жараны Сайдахмет Артиковдун (Саидакмат Артыков) камалганына туура эки айдын жүзү болду. Жакындары аны бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүп, кыргыз бийлигине кайрылды. Алар Артыков абакта кыйноо көрүп, ооруканага жатып чыкканына кабатыр болууда.

44 жаштагы Артыков ушул жылдын 16-сентябрында "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген кине менен кармалган. Учурда Тажикстандын Кожент шаарындагы тергөө абагында отурат. Жакындарынын айтымында, ал камалгандан кийин саламаттыгы кескин начарлап, эки ирет ооруканага түшкөн. Акыркы жолу 10 күн бейтапканада жатып, кайра абакка которулганына төрт күн болгон экен.

Жубайы, беш баласы аны бошотууга жардам берүүнү өтүнүп, кыргыз бийлигине, УКМК жетекчилигине арыз жазган. Тун уулу Таалайбек Артыков кайрылуулардан натыйжа чыкпай жатканын айтып, атасынын абалынан кабар ала албай, маанайы чөгүп отурган чагы.

"Бардык жакка кайрылдык. Азыр Кожент шаарындагы тергөө абагында. Куру доомат болуп атат. Кайда кайрылбайлы, "сабыр кылгыла, күткүлө" деген жооп угабыз. Азыр күтүп отурабыз. Эки ай күттүк, дагы канча күтүш керектигин билбей калдым".

Уулу айткандай, абактагы Артыковдун өзүнүн адвокаты жок. Тажик мыйзамдарына ылайык, ага мамлекеттик жактоочу гана берилген.

"Бизди жолугуштурбай жатышат. Аларда мамлекеттик адвокаттар эле иштейт экен. Бизге жардамы тийбейт. Кыргызстандын бийлиги атамды чыгарып берсе эле болду. Чынында буга деле ишенбей турабыз. Бирок үмүт үзүлбөйт экен. Азыр болгону УКМКнын жетекчисине, президентке үмүт артып турабыз".

Артыковдун үй-бүлө мүчөлөрү жана айрым туугандары бийлик тараптан жардам болуп калабы деген үмүттө азыр Бишкекте жүрүшөт. Алардын башкалаага келгенине бир жуманын жүзү болду. 12-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына митингге да чыгышып, Артыков бейкүнөө кармалганын жана кыйноого кабылып, ооруканада жатканын билдиришти.

Жийделиктин тургундары

Саидакмат Артыков Тажикстандын Жийделик айылында туулуп, ошол айылда чоңойгон. Бирок Кыргызстандын жараны. Жийделикте жашаган элдин 90% ашыгы кыргыздар, алардын дээрлик жарымы Кыргызстандын жарандары, тажик паспортун алышкан эмес. Кыштактагы кыргыз тектүүлөрдүн жалпы саны миңден ашуун. Жийделик расмий түрдө Тажикстандын Канибадам районуна карайт. Айылдагы кыргыз жарандары тажик бийлигинен убактылуу жашоого уруксат алат. Анын мөөнөтү бүткөндө улам узартып жашап келишет.

Артыков активист катары айылдаштарынын укугун коргоп, ар тараптуу жардам берип келген. Айыл эли аны расмий болбосо да айыл башчы катары көрүшчү экен. Аялы Наргиза Артыкова “Күйөөмдү Жийделик айылынын эли өздөрү айыл башчы кылып шайлап алган. Анткени ал айылдаштарына жардам берип жүргөн”, - деди.


Артыковдун туугандары анын абалы оор экенине кабатыр. Буга чейин да алар укук коргоо органдарына, Акыйкатчы, президент жана УКМКнын жетекчилигине кайрылып, Тажикстанда камалган жарандарды чыгарып келүүнү өтүнүшкөн.

"Нооман Самадов деген жездебизди - атамдын бир тууган эжесинин күйөөсүн 13-сентябрда кармап кетишкен. Үч күндөн кийин Канибадамдын коопсуздук кызматкерлери атама чалып, "келип кетпейсизби" деп чакырышкан. Ал 65 жаштагы жездебизди чыгаруу максатында барган. Барганда эле кармап алып калышкан. Ошону менен бизге 40 күн дегенде гана ооруканага түшкөндө биринчи жолу көрсөтүп, дайынын билгизишти. Ага чейин биз Кыргызстандын жараны болгонубуз үчүн бара алган эмеспиз. Тажик паспорту бар айылдаш, тууган эжелерибизди жөнөттүк. Аларды да киргизген эмес. Атам олбурлуу киши, ден соолугу чың болчу. 40 күндөн кийин көргөнүбүздө, башын көтөрө албай калган экен. Камакта кыйноо, запкы болгондуктан, ооруп калды деген ойдобуз. Ага биринчи "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген кине койсо, кийин тыңчылык боюнча да айыпты моюнуна илүүгө аракет болгонун уктук. Учурда Жийделикте кыргыз паспорту менен жүргөн элдин 30% гана калды. Калгандары коркуп, айылдан качып кетишти", - деди Таалайбек Артыков.

Азыр Артыковдун жездеси Нооман Самадов да камакта отурат. Туугандары анын тагдырынан да кабар ала албай турат.

УКМК, Акыйкатчы институту, президенттик администрация Артыковдун маселесин чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат бере элек. Тажикстандын бийлиги да комментарий берген эмес.

Ноябрдын башында Кыргызстандын акыйкатчысы тажикстандык кесиптеши Умед Бобозодага расмий кат жолдоп, тажик күч органдары кармаган кыргыз жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол бербөөнү өтүнгөн.

12-ноябрда Бишкекте аны бошотууну суранып, акцияга чыккандар менен жолугушууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып, маселени тийиштүү органдарга жеткирип, кыргыз жарандарын чыгарууга көмөктөшөрүн айтты. Макала даярдалып жатканда Байсалов менен байланыша алган жокпуз.

Жийделиктин жашоочуларынын маалыматына караганда, кыргыз жарандарын кармоолор быйыл апрелдин этеги, майдын башында эки мамлекеттин ортосунда болгон куралдуу жаңжалдан кийин күчөгөн.

Негизи эле куралдуу жаңжалдан кийин эки тарап бири-биринин жарандарын кармап, жоопкерчиликке тартканы көбөйгөнүн байкоого болот. Сентябрь айында тажик күч кызматтары тарабынан Кыргызстандын төрт жараны кармалып, кайра бошотулган.

Жергиликтүү эксперт, конфликтолог Базарбай Масеитов эки өлкөнүн укук коргоо органдары бири-биринин аракеттерине жооп берип жатат деп эсептейт.

“Негизи Баткендеги, Лейлектеги кармоолор, айрым жаңжалдар жакында өмүр бою абакка кесилген тажик жарандары үчүн жооп катары болуп жаткандай. Ойлонулган эле жооп сыяктуу”.

Кабарларга караганда, учурда Тажикстанда чек араны "мыйзамсыз кесип өткөн" деген негизде Кыргызстандын ондой жараны кармалып турат. Алардын арасында Жерге-Тал жана Мургабдагы туугандарынан кабар алуу үчүн барган Кыргызстандын төрт жараны 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыратылган. Жийделик айылында жашаган бир нече кыргыз жараны да кармалган.

Кыргызстанда кармалган тажик жарандары

Жазындагы чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстанда дагы өз жарандарына карата Кыргызстан тараптан катаал мамиле болуп жатат деген нааразылыктар бар. Сентябрда Баткендин Лейлек райондук сотунун чечими менен талап-тоноого аралашып, эл тынчтыгын бузган деп айыпталып, өмүр бою абакка кесилген эки тажик жаранынын бири, Абдурозик Абдукаххоровдун жубайы Наргиcа Жабборова "Озоди" радиосуна октябрда күйөөсү тергөө абагында катаал мамилеге туш болгонун, аларга бир күндө бир маал гана тамак берилгенин айтып берген.

Лейлек райондук соту тажик тектүү үч кыргыз жаранын 15 жылга эркинен ажыраткан. Алар жаздагы куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналып камалган. Айып тагылгандардын жакындары жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтышкан.

Баткен: чек ара жаңжалынан кийинки өкүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00

Эки өлкөнүн укук коргоо органдары чек арадагы окуяларга байланыштуу айыпталган жарандарды экстрадициялоо боюнча Орусияга өтүнүч келтирген учурлар да бар.

Расмий Дүйшөмбүнүн оор беренелер менен издөөгө алынды деген өтүнүчүнүн негизинде Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсенбай Мажитов быйыл июлда үй камагына чыккан.

Ушул айдын башында Орусияда Кыргызстандын суранычынын негизинде кармалган тажик жана орус жараны Диловар Жураев камактан бошотулду.

Быйыл 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) курман болгон, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Кыргыз-тажик чек арасы 970 километрге созулуп, анын 519 чакырымы гана аныкталып, такталган. Талаштуу тилкелердин көбү Баткен менен Согд облустарынын аймагында орун алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG