Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Бадахшандагы чыңалуу, Дүйшөмбүнүн саясаты


Тажикстан. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору - Хорог шаары.
Тажикстан. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору - Хорог шаары.

Тажикстанда Дарваз жана Ванж аймагын Тоолуу Бадахшан автоном облусунан бөлүү демилгеси көтөрүлүүдө.

Стратегиялык изилдөөлөр борбору ички чек араны өзгөртүү өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт деген менен Дүйшөмбүнүн анын автоном макамын жоюу аракети деп белгиленди.

Мындай билдирүүлөр Тоолуу Бадахшанда ажырым күчөп, өкмөттүк күчтөр менен жергиликтүү элдин мамилеси чыңалып турган учурга туура келди. Тажикстандын телерадиоберүү комитетинин жетекчиси Кыргызстан менен болгон чек ара чатагын жана Хорогдогу курч окуяларды чагылдырбоону мамлекеттик саясат деп атады. Чыныгы абалды жашыруу чыңалууга түрткү болуп жатканы айтылды.

Тоолуу Бадахшандагы тоодой ажырым

Тажикстандын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Хайриддин Усмонзода Ванж менен Дарваздын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунан бөлүү демилгеси биримдикке туура келбейт деп билдирди.

Бул автоном облустагы туруксуз абалга байланыштуу бул маселе кайра көтөрүлдү. Жакында аталган райондордун жергиликтүү кеңештеринин бир топ депутатынан жана жергиликтүү аткаруу бийлигинен Дүйшөмбүнүн кароосуна ушундай сунуш түшкөнү айтылды.

Дарваздан облустук кеңешке шайланган депутат Хаким Давлатзод анын себебин айтты:

“Биз Дарваз аймагынын тургундарынын келечегин башка облустун бир бөлүгү катары карайбыз. Биз дээрлик дотациядан чыгып калдык. Жада калса башка райондорго бюджеттик колдоо көргөзүп, жардам берип келе жатабыз. Бирок бүгүнкү күндө Хорогдогу бир нече кылмышкердин мыйзамсыз аракеттери биздин аймактын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Биздин аймак Хорогдон бир кыйла алыс турса дагы, ушундай жагдай орун алууда”, - деди Хаким Давлатзод.

Мамадбокиров: Жообун аласыңар

Тажикстандын Стратегиялык изилдөөлөр борбору аймактардын чек арасын өзгөртүү боюнча түшкөн сунуш мамлекет кызыкчылыгына төп келбейт деген тыянак чыгарды.

Бирок бөлүп-жарууга Дүйшөмбү өзү шыкак берип, облустун автоном статусун жоюуга камынып жатканы айтылды. Былтыр Хорогдогу каршылык акцияларында ажырым күчөгөнү белгиленди.

Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандын бейформал лидери Мамадбокир Мамадбокировго жана анын алты шеригине колго түшүүнү талап кылып, бир жума убакыт берген. Мамадбокиров андан баш тартып, аймакта аскерлер топтошуп жатканын билдирди:

Мамадбокир Мамадбокиров, Хорогдогу бейформал лидер. мурдагы аскер кызматкери.
Мамадбокир Мамадбокиров, Хорогдогу бейформал лидер. мурдагы аскер кызматкери.

"Бүгүн силер бизди террорист атап, Хорогго көп сандаган атайын аскер бөлүктөрүн киргиздиңер. Жакшысы, аларды чек араларды чыңдап, кайтарууга койсо болбойт беле? Мен силерге эскертем. Элди тынч койгула. Мен элимди эч качан сатпайм. Өз элим үчүн өлүмгө даярмын. Эл-журт, алардын уятсыз жана жалганчы телеканалардарына ишенбегиле. Бизди азыр кайрадан курчоого алышты. Элим, бир муштумга түйүлүп, биригели. Анан алар эмне кыла аларын көрөбүз. Бүгүнкү түн кооптуу. Тагдыр чече турган учур. Биз азыр бардыгына даярбыз. Бирок бизде курал жок. Биз таш менен коргонобуз. Биз силерди таш менен кууп чыгабыз. Кире турган болсоңор, татыктуу жообун аласыңар".

Ал эми Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундары мамлекеттик телеканалдар бир жактуу маалымат берип, Хорогдогу жана чек арадагы окуяларды жаап-жашыруу чыңалууга себеп болуп жатканын айтышты.

Мамлекеттик маалымат саясаты

Тажикстандын телерадиоберүү комитетинин төрагасы Нуриддин Саид муну мамлекеттик маалымат саясаты деп атады:

"Тажикстандын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитети мамлекеттик маалымат саясатын ишке ашырат. Мамлекетибиздин эгемендигине, коопсуздугуна жана туруктуулукка, улутубуздун калыптануусуна, элибиздин өзүн-өзү аңдоосуна, мекенчилдикке, атуулдук ар-намысыбызга жана аброюбузга каршы багытталган маалыматтарды жарыялоодон баш тартканбыз, баш тартабыз жана баш тарта бермекчибиз", -деди Нуриддин Саид.

Нуриддин Саид, Тажикстандын телерадиоберүү комитетинин төрагасы.
Нуриддин Саид, Тажикстандын телерадиоберүү комитетинин төрагасы.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун макамы Тажикстандын Баш мыйзамында бекитилген. Анын аянты 64 миң чарчы чакырымды түзүп, калкынын саны 250 миңден ашуун адам. Аймактын калкынын басымдуу бөлүгү чыгыш фарс тилинде сүйлөйт жана исламдын шиит бутагынын исмаилизм агымын карманат. Бул аймак Ооганстан, Кытай жана Кыргызстан менен чектешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG