Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Дүйшөмбүнүн чакырыгы, Бишкектин жообу


Тажикстандык студенттер. Былтыр апрелдеги чек ара жаңжалынан кийин расмий Дүйшөмбү Кыргызстанда билим алган тажик студенттерине окуусун улантууга шарт түзүп берүү өтүнүчү менен Бишкекке кайрылган.
Тажикстандык студенттер. Былтыр апрелдеги чек ара жаңжалынан кийин расмий Дүйшөмбү Кыргызстанда билим алган тажик студенттерине окуусун улантууга шарт түзүп берүү өтүнүчү менен Бишкекке кайрылган.

Тажикстандын бийлиги студенттерин Кыргызстанга барбай турууга чакырды. Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына 2-февралда жарыяланган билдирүүдө “Кыргызстандагы окуу жайларда билим алган тажик жарандарына начар мамиле жасалып жатканы” айтылган. Кыргызстан тарап бул дооматты четке кагууда.

Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги “тажикстандык студенттер өз мекениндеги окуу жайларга которулуу үчүн керектүү документтерин кайтарып алуу суроо-талабы менен кайрылганда, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жасалма жол менен создуктуруп жатат” деп билдирген.

Мындан тышкары, Дүйшөмбүнүн расмий билдирүүсүндө Кыргызстандын компетенттүү мекемелери мамлекеттик чек ара бекеттеринде тажик студенттерин өткөрбөй койгон учурлар катталып жатканы белгиленген.

Эреже бардык студентке бирдей

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Тажикстандын 1500дөн ашуун жараны окуйт. Алардын көпчүлүгү Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, Борбор Азиядагы Америка университетинде жана Баткен мамлекеттик университетинде билим алат.

2021-жылдагы апрель окуясынан кийин Тажикстандын Билим берүү министрлиги Бишкекке студенттердин окуусун улантууга шарт түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Буга байланыштуу Министрлер кабинети тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачып бергенин кабарлаган.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев окуу жайлар тажикстандык студенттерге тоскоолдук жаратып жатат деген маалыматты четке какты.

“Бул адамдын улутуна, мамлекетине тиешелүү маселе эмес. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жогорку окуу жайларга студенттерди кабыл алууда окуу жай менен студенттин ортосунда келишим түзүлөт. Ал келишимде тиешелүү пункттар каралган. Эгерде студент ошол келишимде каралган шарттарды толук аткарбаса, б.а. контракттын суммасын толук төлөбөсө, академиялык же башка карызы болсо, окуу жай ошол карыздар жоюлмайынча документтерин бере албайт. Бул Тажикстандын жарандарына эле эмес, Кыргызстандын өзүнүн жарандарына да тиешелүү жалпы талап. Андан башка тоскоолдуктар жок деп айта алабыз”.

2021-жылдын апрелиндеги чек ара чырынан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жаап койгон.

Министрлер кабинети 2021-жылдын 21-майында №12 номурлуу тескемесин чыгарган. Ага ылайык Тажикстандын жарандарын Кыргызстандын аймагына өткөрүү убактылуу токтотулган.

Мындай чектөөлөр мекенине кайткан эки өлкөнүн жарандарына, алдын ала өтүнүч боюнча тизмеге кирген чет элдик же эл аралык уюмдардын дипломатиялык делегацияларынын мүчөлөрүнө, “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” долбооруна катышкан Тажикстандын жарандарына, товар ташыгандарга жана транспорттук каражатка, Кыргызстандын окуу жайларында окуган тажик жарандарына тиешелүү эмес.

Октябрь айында Министрлер кабинети тажик студенттери үчүн чек араны ачып, тизме боюнча киргизе баштаган.

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын башчысы Гүлмира Бөрүбаева тизмеге кирген тажик жарандарына чек арадан өтүүдө тоскоолдуктар болбогонун билдирди.

“Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуган же иштеген Тажикстандын жарандары Билим берүү министрлиги берген тизме боюнча киргизилет. Кыргызстандын аймагына кирүүгө укугу бар тажик жарандарын өткөрбөй койгон учур болгон жок. Билим берүү министрлиги берген тизмеде жок болуп калган студенттер менен бир-эки учур болгон. Кийин алар да тизмеге киргизилип, чек арадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан”.

Тажикстандык студенттердин укугу

Асрор Сохибкадамов Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунан келип, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 4-курста окуп жатат. Ал тажикстандык студенттер тууралуу буларды айтты.

Асрор Сохибкадамов
Асрор Сохибкадамов

“Эч кандай тоскоолдук болгон жок. Азыркыга чейин студенттерди кимдир бирөө токтотуп же суракка алганын уккан жокмун. Университеттен көйгөйлөр болгонун да кездештирбедим. Чек ара жабылып калганда студенттерди өткөрбөй жатышкан, ошондо алар дүрбөлөңгө түшүп, айрымдары которулуп кетти. Декабрдын аягында чек араны ачып, студенттерди тизме боюнча өткөрө баштады. Кыргыз чек арачыларында Кыргызстандын окуу жайларында окуган студенттердин тизмеси бар экен. Ошол тизме боюнча эч кандай тоскоолдуксуз эле киргизип жатты. Сурак кылып же текшерип убара кылбай эле тизмеге карап өткөрүштү. Азыр окуп жатабыз”, - дейт Асрор Сохибкадамов.

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунан келип билим алып жаткан Шер жеке коопсуздугу үчүн фамилиясын атабоону өтүндү. Ал учурда Канттагы Азия медициналык институтунун бүтүрүүчү курсунда окуйт. Шер жайкы каникулда мекенине барып келген, окуу жайда, турмуш-тиричилигинде чыр-чатактуу окуяга кабылбаганын маалымдады.

“Былтыр биздин окуу жайдан 3-4-курста окуп жаткан жети тажикстандык студент которулуп кетти. Биз акыркы курста окуйбуз, которулгубуз келген жок. Жакында кайтып келдик, аз калды, акырына чейин окуйбуз. Биз Мургаб тараптан кирдик, “Бор-Дөбө” чек ара бекетинен эч кандай көйгөйсүз эле өттүк. Текскерисинче, бизди абдан жылуу тосуп алып, “биз силер үчүн жооптуубуз” деп Бишкекке чейин коштоп келишти”.

Чек ара азабы, онлайн окуу

Ош мамлекеттик университетинин маалыматына ылайык, окуу жайда азыр 402 тажикстандык студент окуп жатат. Алардын көпчүлүгү медицина факультетинде окуса, калганы педагогикалык багытта билим алат.

ОшМУда эмгектенген тажикстандык мугалимдер жок. Апрель окуяларынан кийин 100гө чукул тажикстандык студент өз мекениндеги окуу жайларга которулуп кеткен.

Окуу жайдын маалымат катчысы Медер Ниязалиев 2021-2022-окуу жылынын биринчи семестринде тажикстандык студенттерден которулуу боюнча арыз түшпөгөнүн кабарлады.

“Биринчи семестр бүттү. Эми гана которуулар боюнча арыздар кабыл алына баштайт. Бул боюнча статистика февраль айында жаңыланат. Өз өлкөсүнө барып окуусун ошол жакта улантам деген тажикстандык студенттер болсо эми арыз бере баштайт. Ош мамлекеттик университети тарабынан тажикстандыктарга эле эмес, чет элдик студенттердин баарына бирдей мамиле жасалат. Тажикстандыкпы, өзбекстандыкпы, индиялык же пакистандык студент болобу – баарына бирдей мамиле жасалат. Тажикстандык студенттердин Ош мамлекеттик университетинде билим алуусуна чек арадагы чыр-чатактар таасир этпейт”.

Тажикстан менен чектеш Баткен облусундагы мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов окуу жайда окуган тажикстандык студенттердин баарына окуусун улантуу үчүн чакыруу каты берилгенин, бирок алардын баары мекенинде аралыктан онлайн окуп жатканын билдирди.

“Баткен мамлекеттик университетинде 202 тажикстандык студент окуйт. Бири - Сүлүктү гуманитардык институту жана Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде. Жалпысынан 156 студент сырттан окуу бөлүмүндө, 45 студент күндүзгү бөлүмдө билим алууда. Тажикстандын студенттерине эч кандай кысым жок. Студенттердин чек арадан өтүү кыйынчылыгына байланыштуу алардын суранычы менен окуу жылынын башында гибриддик окуу формасын киргизгенбиз. Өткөндө өкмөт чек араны ачкандан кийин аларга кат жөнөткөнбүз. Бирок алар бүгүнгө чейин келе элек, онлайн формада окуусун улантып жатышат. Азыр сессия башталган, контракт төлөп жатышат. Которулуп кеткен же арыз берген тажик студенти болгон жок. Эгерде кандайдыр бир студент которулуп кетүүнү кааласа, жобо боюнча толук акысы бар. Бизде Тажикстандан келип иштеген мугалим жок”, - деп билдирди Айдарбек Гыязов.

27-28-январда Баткен районундагы Төрт-Көчө аймагында кыргыз-тажик аскерлеринин кезектеги кагылышуусунда Кыргызстандан 14 киши жабыркап, 3 млн. сомдон ашуун зыян тартканы кабарланган. Тажикстандын расмий "Ховар" агенттиги бир адам каза болуп, он адам жаракат алганын билдирди.
Чек арага жакын жашаган миңдеген адамдар үйүнөн убактылуу чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Эки тараптын расмий органдары окуянын тутанышына бири-бирин айыптаган.
Тажикстандын бийлигинин өз студенттерин Кыргызстанга баруудан карманып туруу чакырыгы ушул окуялардан кийинки учурга туш келди.
Эки өлкө ортосундагы талаштуу тилкелердин айынан чек арада чыр-чатак байма-бай катталып келет. 2021-жылы жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG