Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Жогорку Кеңеш №39 протоколду талкуулады


Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын Ворух анклавынын кире бериши. 2019-жылдагы сүрөт.
Кыргызстандын аймагындагы Тажикстандын Ворух анклавынын кире бериши. 2019-жылдагы сүрөт.

Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берди.

Мунун алдында бир катар депутаттар УКМК жетекчиси №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө бериши керектигин талап кылышкан. Аталган протокол коомчулукта ар кандай түкшүмөл суроолорду жаратууда.

Жыйындан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, аталган протокол үч пункттан турарын, Кыргызстандын пайдасында иштей турганын айтты.

“Депутаттар “Ворухка жол берилет деген сөздөр чынбы, же чын эмеспи" деп сурашты. Протоколду окуп, анын мазмунун түшүндүрүп бердим. Ал жерде так айтылып турат. Эч кандай коридор берилбейт. Ашыкча жолдор курулбайт. Ак-Сайдын күн чыгыш тарабынан кете турган жолдун макамы мамлекеттер аралык келишим менен аныкталат. Мындай укук президенттерге гана таандык. Биз аларга сунуш беребиз. Ошонун негизинде аныкташат. Кимдин жолу болот, узундугу кандай болот, ким курат, ким тейлейт? Мунун баары ошол келишимде жазылат”.

Эл өкүлү Нурлан Шакиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин №39 протокол боюнча айткандарына депутаттардын көпчүлүгү ынанганын билдирди.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен депутат Нурлан Шакиев.
Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен депутат Нурлан Шакиев.

“Ташиев келип маалымат берди. Көпчүлүгүбүз ынандык. Алгач суроо берүүгө 30га жакын депутат жазылган болчу. Камчыбек Ташиев түшүнүктүү кылып айтып бергенден кийин эл өкүлдөрүнүн көбү суроо берүүдөн баш тартты. Аталган протоколдо Кыргызстандын кызыкчылыгын тебелей турган эч нерсе жок экен. Жол биздин аймактан өтүп, Кыргызстандын башкаруусунда болот экен”.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун айтымында, чек ара боюнча депутаттык комиссия түзүп, стратегиялык саясатты изилдеп чыкпаса, абал оор болуп турат.

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

“Казактар айткандай, чек ара маселеси “шиши толуп, жарылганы турат”. Ошондуктан парламенттин эч нерсе болбогондой отурганы туура эмес. Тажик-кыргыз чек арасы боюнча депутаттык комиссия түзөлү. Анын максаты күнөөлүүлөрдү издеш эмес. Эмне себептен 30 жыл ичинде кошуна мамлекет менен ушундай абалга жеттик? Ушуну изилдеп туруп, андан кийин чек ара боюнча стратегиялык саясатты изилдеп чыгыш керек. Мындан кийин чыккан чыр-чатакты басып койгон болбойт. Бүгүнкү күндө жаңжалдар жогорку деңгээлге чыгып кетти”.

Жабык каралган жыйында депутаттык комиссия түзүлбөгөнү, Министрлер кабинетине эч кандай тапшырма берилбегени белгилүү болду.

Коомчулукта талаш жараткан №39 протокол 2021-жылы 1-майда Баткен шаарында кабыл алынып, ага Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов кол койгон.

Былтыр протокол жаңы кабыл алынганда Тажикстандын "Ховар" улуттук агенттиги Кожалы-Ворух жолу биргелешип куруларын, аны Тажикстан тарап тейлей турганын жазып чыккан. Камчыбек Ташиев бул маалыматты четке кагып, ар бир тарап ар кандай түшүндүрө берерин айтты. Ал чек арада азыр кырдаал чыңалып турганын, ошол эле учурда курчуп кетишине эч кандай негиз жок экенин да кошумчалады.

Баткендин жол жана суу көйгөйү

Жогорку Кеңештин жыйынында №39 протоколдон тышкары Баткендеги башка социалдык көйгөйлөр да айтылды. Чек аралаш аймактардагы өзгөчө макам алган айылдардын тизмесине нааразылык бар.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, облустагы 62 айыл өзгөчө макамга ээ болуп, ал жерде жашагандардын пенсиясы 2 миң сомго көтөрүлүп, электр энергиясы жеңилдетилген шартта бериле турганы айтылган. Президенттин Баткендеги өкүлү Кайрат Кошбаков 62 айылдын катарына дагы 89 айылды киргизүү сунушталганын маалымдады.

“Биз азыр Министрлер кабинетине карап чыгуу үчүн сунуштарыбызды берип жатабыз. Сунуш катары 62 айылдан тышкары 89 айылдын тизмесин берип жатабыз. Үч райондон – Лейлектен, Кадамжайдан жана Баткенден”.

Баткенден шайланып келген депутат Нурлан Ражабалиев облустагы негизги көйгөйлөрдү тизмектеди:

Нурлан Ражабалиев.
Нурлан Ражабалиев.

“Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл өкмөтүндө 12 айыл болсо, анын экөө гана Тажикстандан көз карандысыз суу алат. Бул – Ак-Сай менен Рават айылы. Бирок Ак-Сайдагы насос боюнча маселе турат. Калган 10 айыл 1953-жылы курулган каналдан суу алат. Аталган канал Тажикстандын аймагын аралап келүүдө. Бүгүнкү күндө кошуналар каалаган учурда каналды бууп коюп жатат. Мындан тышкары Ак-Татыр айылына оорукана куруу зарылчылыгы бар. Себеби, чек арада чыр чыккан учурда жаракат алгандар Баткен шаарына жетпей калууда. Бир жыл мурдагы жаңжалда оорукана жетпей көз жумгандар болгон. Дагы бир маселе - айланма жолдор”.

Төрт-Көчө тилкеси жабылып, Баткен-Исфана жолунан өтүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү тургундар Ак-Сай-Тамдык жана Ак-Сай-Рават жолу менен каттай башташат. Аталган жол Баткен жана Лейлек районун байланыштырат. Бирок бул айланма жол тоо аралап өткөндүктөн, анын сапатына нааразылык көп.

Мындан тышкары сессияда Көк-Таш айылын айланып өткөн Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай жолу да сөз болду.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев Баткендеги айланма жолдор боюнча мындай маалымат берди.

Таабалды Тиллаев
Таабалды Тиллаев

“Баткен облусундагы стратегиялык жолдорго 1,5 миллирад сомдук иштер каралган. Анын ичинде Ак-Сай-Рават, Ак-Сай-Тамдык, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай жана Мадиген баштаган 25 жолдун курулушу жүрүп жатат. Бизге талап коюлган. Былтыр ири көлөмдөгү иштер аткарылган. Быйыл жолду бүтүргөнгө аракет кылабыз. Ал эми Ворухка алып бара турган жол боюнча маалыматыбыз жок. Аны мамлекеттик келишим аныктайт. Бизге тапшырма болсо, анда аны курабыз”.

Соңку бир жыл ичинде эле Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында эки чоң чыр чыкты. 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган.
Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты.

Былтыр апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.
  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG