Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Баткен: куралдуу жаңжалдан кийинки кырдаал

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажикстандын жарандары жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда таңкы саат 04:10до маалымдалды.

Чек арадагы чырдан Баткен районунун Көк-Таш айылында эки сарай жана бир унаа толугу менен өрттөлүп кеткен.


16x9 Image

Хамидулло Узаков

Хамидулло Узаков "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. 

XS
SM
MD
LG