Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

"Рахмон бийлигин бекемдеш үчүн чек араны чечпейт"


Аркадий Дубнов
Аркадий Дубнов

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал адаттагы кагылышуудан алда канча кооптуу экенин көргөзөт. Мындай пикирин Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов ортого салды. Талдоочу чырды жөнгө салууда "эң негизги тоскоолдук өз максаттарын көздөгөн Рахмондун режими" деп эсептерин кошумчалады.

- Чек арадагы көйгөй бир нече жыл, атүгүл ондогон жылдан бери чечилбей келүүдө. Бирок акыркы жылдары барган сайын курчуп жатат. Былтыр куралдуу жаңжалга чейин жетпедиби. Эки өлкө кырдаалды кантип жөнгө сала алышат?

- Менимче, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя жаңжалды жөнгө салуу, демаркация жана делимитация маселесин бир жаңсыл кылууга жакындатуу мындай турсун, тескерисинче, ал иштерди алыстатты. Себеби, тараптар маселени чечүүгө даяр эмес. Чек аранын эки жагында жашаган жергиликтүү эл да, жетекчилик да ага даяр эмес. Биринчи кезекте бул сөз тажик тарапка тиешелүү деп ойлойм. Көңүл бурсаңар, Кыргызстандын президенти ошол эле күнү окуяга реакциясын билдирип, үн катты. Ал эми Дүйшөмбүдө өзүн хан көргөн Рахмондон же ак, же көк деген сөздү уккан жокпуз. Менимче, муну жакынкы айларда абалдын, анын ичинде тажик-кыргыз чек арасынын ошол тилкесинде кырдаалдын ыктымал курчушу алдындагы сыноо катары бааласа болот.

Кандай сыноо деп сурашыңар мүмкүн. Мендеги маалыматтарга караганда, тажик тарап соңку окуяга бир нече күн мурун даярдык көрө баштаган. Жөн гана чек ара күчтөрүн эмес, аскердик, армиянын инфраструктурасын даярдаган. Мындай көрүнүш кырдаал чек ардагы жөнөкөй кагылышуудан алда канча кооптуу экенин мүнөздөйт.

Бул өз кезегинде Тажикстанда таасир этүүчү бир топтор, балким күч түзүмдөрүнөн чыккан адамдар бар дегенди билдирет. Балким, алар Тажикстандын өзүндө бугуп жаткан же акыркы айларда Ооганстандан тажик жергесине келүүгө үлгүргөн согушкерлердин ошол тилке аркылуу кирип келишине даярданып жаткан. Ошол топтордун талибдерге тиешеси жок. Тескерисинче, алардын каршылаштары деп ойлойм. Балким, ал жоочулар талибдерге каршы турган “Ислам мамлекети” радикал тобуна же башка террордук түзүмдөргө кирген болушу мүмкүн. Талибдер аларды ооган аймагынан сүрүп чыгарып жаткан болушу ыктымал.

Мындай жагдай өзүн эл аралык терроризмдин курмандыгы катары көргөзүүгө мүмкүнчүлүк алган тажик режими үчүн ыңгайлуу. Экинчиден, Рахмон "мына мен Ооганстан тараптан коркунуч жаралууда" деп дайыма айтып келгемин деп чыгат. Үчүнчүдөн, мындай абал ага лоялдуу эмес тажиктерди да айланасына консолидацияга кылууга шарт түзөт. Рахмондун ушундай каардуу, керек болсо "согушам" деген маанайын Москванын Дүйшөмбүгө курал-жарак жагынан жардам берип, саясий колдоосун көргөзүп жатканы менен түшүндүрсө болот.

- Ошоной сценарий ишке ашса, анда анын эпкини Кыргызстанда гана эмес Өзбекстанда сезилиши мүмкүн. Ары жактагы Кытайдын да кызыкчылыктары жабыркашы мүмкүн. Ошол өлкөлөрдүн реакциясына жем таштабайбы?

- Албетте, мындай өнүгүү региондогу стабилдүүлүккө кооп жаратат. Кошуна өлкөлөрдүн тынчсыздануусуна алып келери айдан ачык. Бирок бүгүн эч кимиси андайга жеткирбей, алдын алуучу чара көрүүгө даяр эмес. Мындай абалда активдүү аракет көрө алган жалгыз Орусия деп ойлойм. Бирок азырынча андай даярдыкты байкаган жокпуз.

- Борбор Азия боюнча эксперт катары кырдаалдан чыгуунун кандай жолдорун көрүп жатасыз?

- Кандайдыр бир жолду табуу кыйын. Эң негизги тоскоолдук өз максаттарын көздөгөн Рахмондун режими деп ойлойм. Дүйшөмбү мындай саясатты Кытай, Орусия, жадалкаса Батыш менен жүргүзүп келатат. Ар бири менен мамиле курууда өзүнчө бир маселени пайдаланат. Орусиядан Ооганстан тараптан согушкерлердин кирип келүүсүн алдына алуу үчүн жардам сурайт. Кытайдын кулагына ошол эле чек араны бекемдөө керектигин, исламчыл экстремизм менен күрөшүү зарылдыгын куят. Орусия менен андан тышкары "Талибандын" коркунучуна көз салып турууну айтып ойнойт. Ал эми талибдерге каршы күрөштө ачыктан ачык эле Америка менен бирге.

Рахмон Ооганстан менен чектешкен кооптуу жерде орун алган жагдайын көп жылдан бери өз кызыкчылыгында пайдаланып, соодалашып жүрөт. Ошол коркунучтун аркасы менен дүйнөлүк державалардан жардамды соруп келатат.

Жакынкы жылдары мен тажик-кыргыз чек ара маселесинин чечилишин көрбөй турам. Эмне дегенде бул жерде соодалаша турган эч нерсе жок. Ооганстан же Кыргызстан тараптан пайда болгон коркунуч астында өз калкын айланасына бириктирген сайын, чек ара жаңжалын жөнгө салуу багытында кызматташууга даяр деген ыктымалдык ошончолук азайууда. Себеби ага дайыма душмандын образы керек. Алдыдагы бийликти өткөрүү жараянында ошол душмандын образы коомдуу консолидация кылууда абдан пайдалуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG