Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

"Москва чек арага кийлигишип, аброюна көлөкө түшүргүсү келбейт"


Темур Умаров.
Темур Умаров.

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал тутангандан көп өтпөй эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась Кыргызстан жана Тажикстандын бийлигин чек арадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Зась ЖККУ чатакты чечүү үчүн эки өлкөгө тең зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалаган. Жамааттык аскердик бирикменин мындай тез реакциясынын артында эмне турат?

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдын айланасындагы суроолорубузга Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Темур Умаров жооп берди.

- Сиз кыргыз-тажик чек арасындагы былтыркы окуяларды масштабы боюнча мурда болуп көрбөгөндөй жаңжал катары сыпаттап, ошол эле маалда "күтүлбөгөн деп айтуу кыйын" деп жазган элеңиз. 27-январдагы куралдуу жаңжал да күтүлгөн окуя беле?

- Ошондой окуялардын болуп кетишин күтсө болот эле. Борбор Азиядагы мурдагы советтик жумурияттардын, өзгөчө Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы чыр-чатактарга Советтер Союзу ыдырагандан кийинки ондогон жылдар бою күбө болуп келатабыз. Иш жүзүндө СССР кезинде деле чек араларда айрым инциденттер болуп турчу. Андыктан жаңжалдын чыгышы таң калтырбайт. Бирок барган сайын ошондой окуялар кан төгүү, адам өмүрүнүн кыйылышы менен коштолуп, тараптар ок атуучу курал-жаракты кеңири колдонуп, чек арачылардын тартылганын көрүп келатабыз. Бул Тажикстан менен Кыргызстандагы азыркы жетекчилеринин учурунда чыр-чатактардын табияты канчалык өзгөргөнүн даана көргөзөт.

- Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) реакциясы бул жолу чагылгандай тез болду. Мунун артында эмне жатат? Эмне себептен ушундай ылдам билдирүү жасалды деп ойлойсуз?

- Албетте, Казакстандагы кризиске чейинки ЖККУ жана андан кийинки - эки башка уюм десек болот. Жыл башында ал өлкөдөгү окуяларга активдүү кийлигишкенден кийин уюм постсоветтик аймакта өзүн, албетте, ишенимдүүрөк сезип калды. Бирок чек арадагы окуяларга, Тажикстан менен Кыргызстандын жаңжалына ЖККУ активдүү аралаша баштайт деп күтпөш керек. Биринчиден, Казакстандан айырмаланып, бул таптакыр башка окуя. Аны тынчтык орнотуучу күчтөрдүн жардамы менен чечип, жөнгө сала албайсың. Экинчиден, укуктук жактан алганда андай чыр-чатактар ЖККУнун уставына дал келбейт.

Андыктан кандайдыр бир аскердик күч жөнөтүүгө негиз жок. Уюмдун тез реакция билдирүүсүн чечмелесек, менимче, ички реформа жүргөндөй, бирикме постоветтик аймактагы позициясын кайра карап чыккандай, өзүн ишенимдүүрөк көрсөтө баштагандай. Бирок мындай активдүүлүк жакын арада Казакстандагыдай жагдайга (аскер жөнөтүү – ред.) күбө болобуз дегенге жатпай турганын кайталайт элем.

- Орусия ЖККУнун лидери эмеспи. Уюмдун билдирүүсүн Москванын да реакциясы катары бааласа болобу? Дегеле сиздин пикириңизде, чек ара жаңжалына келгенде Москванын позициясы кандай?

- Ооба, ЖККУнун реакциясы анын ичинде Орусияныкын да чагылдырат деп айтса болот. Москванын позициясы мурункудай эле калууда. Орусия жаңжалга аралашпайт, кийлигишүүгө себеп жок, андан эч кандай натыйжа чыкпайт деп эсептейт. Орусия чек ара маселесин эки тарап гана чоң мунасага барып чечүүгө кудуреттүү өнөкөт оорудай көрөт. Аралашкан күндө да кырдаалды өзгөртүп жибербесине Москванын көзү жетип турат. Андыктан кийлигишип, майнап чыкпаган сүйлөшүүлөр менен өз аброюна ого бетер көлөкө түшүрүүнүн эмне кажети бар?

- Анда эмне үчүн ошол эки кызыкдар тарап мунасага келип, чек ара маселесин жөнгө сала албай жатат?

- Кыргызстанда да, Тажикстанда да азыр бийликте турган жетекчилер калың калк арасындагы популярдуулугун жоготуп алуудан коркот. Алардын популярдуулугу көпчүлүк учурда улутчул риторикага таянат. Мисалы, ушу тапта жер алмашууга барышса алардын коомдогу бедели үчүн мындай кадам абдан кооптуу болмокчу. Ошондой жер айырбаштоодон улам өз үйлөрүнөн, жер тилкелеринен айрылып калган, жер которууга аргасыз болгон адамдар гана эмес, жалпы коом аны терс кабыл алары калетсиз. Өз кадыр-баркын садага чабууга лидерлердин эч кимиси даяр эмес. Өзгөчө эки өлкөдөгү ички абалды эстен чыгарбоо зарыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун коомдогу репутациясын эске алсак, ал такай бычак мизинде жүрөт десек болот. Мамлекет башчыныны беделинин түшүүсү Кыргызстанда күтүлбөгөн окуяларга алып келиши мүмкүн, буга чейин мамлекеттик төңкөрүштөр болгонун билебиз.

Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон президенттик бийлигинин акыркы дооранын сүрүүдө десек болот. Ал кайсы бир жерлерди кыргыз коңшуларга берип койгон мамлекет башчы катары эсте калгысы келбейт. Ал күчтүү Тажикстанды өз мураскерине өткөрүп берген улуу улут көсөмү катары тарыхта калууну эңсейт. Андан ары эмне болсо ошо болсун деп ойлойт. Бирок өз бийлигинин тушунда андай популярдуу эмес кадамдардын жасалышын каалабайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG