Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Баткен: "Кыш чилдесинде аялдар менен балдарга оор болду"


Убактылуу жайга жайгашкан тургундар.
Убактылуу жайга жайгашкан тургундар.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу 11 миңден ашуун адам убактылуу көчүрүлдү. Алардын көбү балдар менен аялдар.

Баткен районунун Көк-Таш айлынынын тургуну 28 жаштагы Мундуз Иссоева 27-январдын кечинде Төрт-Көчөдөгү чек ара чырынан улам үйүнөн качып чыккандардын бири. Ал төрт баласы, жолдошу менен Баткен шаарына келген.

"Минометтун үнүнөн чочуп, сыртка чыга калдык. Ошол кезде ок атылып жаткан экен. Мен сыяктуу эле кошуналарыбыз да дубалдарга жашынып туруп калышты. Токтобой койгондо төрт баламды алып, башка жакка кетели деп чечтик. Жолдошумдун машинесине мен төрт балам менен, кошунам эки кызы, дагы бир тууганыбыз балдары менен отурдук. Жарык чыккан жерге эле ок атылганынан машиненин жарыгын күйгүзбөй жай, тоо аралап айдап бараттык. Биз жарым жолго жеткенде айылдагы элди алып чыкканы келген машинелерди көрдүк. Тобокелдикке салып эле аман-эсен туугандарыбыздын үйүнө келип алганыбызга сүйүнүп отурабыз".

Мундуз Иссоева ушул тапта балдары менен Баткендин Кызыл-Жол айылындагы туугандарынын үйүндө баш калкалап жатат.

"Азыр башка айылдаштарыбыз менен да сүйлөшүп жатам. Айрымдары бизге окшоп туугандарыныкына, кээ бири мектепке жаткан экен. Кыштын кыраан чилдесинде аялдар менен балдарга аябай оор болду. Ишенсеңиз, үйдөгү кийимчен балдарымды кучактап, алып чыгып кеткем. Кечээ түнү машинеси барлар бизге окшоп, өзү айылдан чыгып кетти. Үйүндө күйөөсү же эркеги жок аялдар бала-чакасы менен жер төлөөлөргө кирип жашынды. Алардын көбүн таңкы саат бешке чейин айылдан ташып, чыгып кетишиптир".

Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу саат 13:00гө карата коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөндөрдүн саны 11 миңден ашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Алардын басымдуу бөлүгү коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, айрымдары убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.

Расмий маалыматка караганда, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Өкүр, Үч-Дөбө, Ак-Татар, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынан болжол менен алты миңдей тургун Рават айылына эвакуацияланды.

Убактылуу жайга жайгашкан тургундарга ыктыярчылар жардам берип жатышат.
Убактылуу жайга жайгашкан тургундарга ыктыярчылар жардам берип жатышат.

"Тынчтыкты тилеп отурабыз"

Ошондой эле, Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргунга, Интернационал айылынын миңдей тургуну Кайрагач айылындагы мечитке көчүрүлдү.

Кыргыз-тажик чек арасында тутанган куралдуу кагылыштан улам убактылуу эвакуацияланган тургундар мектеп, бала бакча өңдүү мамлекеттик мекемелерге да жайгаштырылды.

Мындай жайлардын бирине Көк- Таш айылынын дагы бир тургуну Мамлекет Нышанова беш баласы менен жайгашты:

"Көк-Таштын Шакча айылынан бул жакка келдик. Мылтыктын үнүн укканда эле бала-чакабыз менен эшикте титиреп отурдук. Биздин машинебиз дагы жок эле. Унаасы бар кошуналарыма балдарымды алып чуркадым. Балдарымдын экөө студент, үчөө мектеп курагында. Кенже балам беш жашта, азыр колумда кармап отурам. Балдарым менен кошо стресс болуп калдык. Күйөөм да жанымда, ал кечээки окуядан кийин нес болуп отуруп калды. Азыр эми тынчтыкты тилеп отурабыз. Менин төрт кызым, бир жалгыз уулум бар. Балдарыңдын келечегине деле кооптонуп калат экенсиң. Кечээтен бери балдарым "чек арада жашабай эле коелучу" деп ыйлап атат. Бизге ушул чек араны эле чечип берсе болот эле".

Ал арада, Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коомунун Ош жана Жалал-Абаддагы кошумча ыкчам топтору Баткенге жөнөп кетишти. Алар чек арадагы кырдаалга байланыштуу коопсуз айылдарга көчүрүлгөн тургундарга ысык тамак, жылуу кийим-кечек жагынан жардам беришет. Эвакуация болгондорго жеринен психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүлөт. Аталган уюмдан билдиришкендей, балдарга, аялдарга кийим, бинт, гигиеналык каражаттар (памперс) жөнөтүлдү.

Баткендеги убактылуу жайга жайгашкан тургундар.
Баткендеги убактылуу жайга жайгашкан тургундар.

"Дайыма кооптонуу сезими менен..."

Мектепте ачылган убактылуу жайда 62 жаштагы Жанат Каракашова неберелери менен баш калкалап жатат. Чакан класста аны менен кошо башка келиндер дагы бар.

"Бизди аскердик унаалар менен бул жакка жеткиришти. Жанымда отуз-кырктай келин, жаш балдар бар. Матрас, төшөк жуурканды жая салып, бизге шарт түзүп беришти. Үйдөн нан ала келгенбиз, ошону эртең менен балдарга бердик. Бир аз мурун чай, тамак-аш таратышты. Үйдөгү кийим менен эле шашып келе бердик эле. Балдарга памперс алып келип беришти. Азырынча качан үйгө бараарыбыз белгисиз".

Убактылуу жайда аялдар, балдардан тышкары улгайган адамдар да бар. Алардын бири жашы жетимишке таяп калган Халил Мырзабеков Кызыл-Бел айылынан неберелери менен келген.

"Төрт неберем, бир кызым, байбичем менен бул жакка келдим. Ушул жерде түнөдүк. Азырынча, үйүбүзгө кеткенге уруксат беришкен жок. Короо-жай, мал-жандыгыбыз калды. Алар эми эмне болду бүдөмүк. Бир бурчта бозоруп отурабыз. Ошол учурда коркуп, жанды сакташтын айласы болду да. Бири баласын алып качып баратса, дагы бири малдарын жүктөп кетти. Былтыркы окуядан кийин дагы эмне болот деп коркуп калган экенбиз. Биздин буюм-тайым баары калды. Мен аларды карап жалгыз калдым эле, таңга жуук мен да бул жакка келдим".

Баткен. Убактылуу жайдагы эл.
Баткен. Убактылуу жайдагы эл.

Чек ара тилкесине чектеш жайгашкан дагы бир Миң-Өрүк айылынын тургуну 35 жаштагы Элнура азыркы жагдайы оор экенин айтып берди.

"Мен төрт балам менен, кошунам үч баласы, дагы бир кошунам эки баласы менен бул жакка келдик. Ал келиндердин күйөөлөрү да Баткенде эмес эле. Чынын айтсам, ушундай жашоодон аябай чарчадык. Ушул дагы жашообу? Айта турган сөзүм, чек араны гана чечип беришсе...Жолдошум бизди бул жакка жайгаштырып коюп, кайра үйдү кайтарганы айылга кетти. Чындыгында психологиялык жактан да оор абалга кептелдик. Бизге материалдык эле эмес моралдык да колдоо керек болуп турат", - деди ал.

Былтыр чек ара жаңжалынан кийинки бир жыл бою Баткендин тургундарына психологиялык жардам берген адис Бегайым Борбиева жергиликтүү элде кооптонуу сезими күч экенин белгиледи.

"Биз буга чейин чек ара чырынан жабыркаган айылдагы эл менен иштегенбиз. Ошол кезде алардын көбү топтолгон стресстен улам дайыма кооптонуу сезими менен жашап келерин байкадык. Бул абдан жаман көрсөткүч. Мындай стресс бара-бара өнөкөт ооруларга айланышы мүмкүн. Ошондуктан, биз аларга медициналык жардам менен кошо психологиялык жардамды көрсөтүшүбүз керек. Ал үчүн атайын ыкчам кызматтар иштеши зарыл".

Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ убактылуу көчүрүлгөндөр зарыл каражаттар менен камсыз болгонун билдирди.

27-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тарап жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG