Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Баткендеги көчүрүлгөн тургундарга Кызыл Жарым Ай коому көмөктөшүүдө


Кызыл жарым Ай коомунун кызматкери. Баткен.
Кызыл жарым Ай коомунун кызматкери. Баткен.

Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коомунун Ош жана Жалал-Абаддагы кошумча ыкчам топтору Баткенге жөнөп кетишти. Алар чек арадагы кырдаалга байланыштуу коопсуз айылдарга көчүрүлгөн тургундарга ысык тамак, жылуу кийим-кечек жагынан жардам беришет. Эвакуация болгондорго жеринен психосоциалдык колдоо көрсөтүлөт. Аталган уюмдан билдиришкендей, балдарга, аялдарга кийим, бинт, гигиеналык каражаттар (памперс) жөнөтүлдү.

27-январда уюмдун Баткендеги командасы көчүрүлгөн тургандарга тамак-аш, суу, гигиеналык каражаттар жана күйүүчү май жагынан жардам көрсөткөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу болжол менен 11 миң 52 жергиликтүү тургун эвакуацияланганын билдирген. Алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.

27-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда таңкы саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышка байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн, тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяга байланыштуу атайын комиссия дагы түзүлөт.

Атайын кызматтын башчысы учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG