Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Улан Ниязбеков тажик кесиптеши менен биргелешкен кайгуул түзүүнү талкуулады


Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков 27-январда түндө тажик кесиптеши Рахимзода Рамазон Хамро менен чек арадагы соңку жаңжалга байланыштуу телефондон сүйлөштү. Аталган министрлик тараткан маалыматта, анда тараптар чек арада милициянын биргелешкен кайгуулун уюштурууну талкуулады.

Андан сырткары Баткен милициясынын башчысы Мурат Боронов 28-январга караган түнү Согд облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Абдулло Навджувонов менен жолукту.

"27-январдан тартып Баткен жана Согд облусунун чек арлаш аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бирдиктүү кайгуул иштери жүрүп жатат. Улан Ниязбеков Баткенде коомдук тартипти камсыздоого байланыштуу бардык аракеттерди көзөмөлдөөдө. Учурда Баткен районунун Төрт-Көчө айылындагы Ош-Исфана жолдору ачык",- деп айтылат Кыргызстандын ИИМи тараткан маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматы 28-январь, эртең мененки саат 08:00гө карата чек арадагы абалды туруктуу деп мүнөздөп билдирүү таратты. Анда "Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана "Головной" аймактарында абал стабилдүү. Түн тынч өттү", - деп айтылат.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Алар: атышууну толук токтотуу, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра артка алып кетүү, Баткен – Исфана автожолун толук ачуу, чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт уюштуруу.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен-Исфана жолу боюнча кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатканы маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG