Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

УКМК чек арада кырдаал туруктуу экенин билдирди


Төрт-Көчө.
Төрт-Көчө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматы 28-январь, эртең мененки саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абалды туруктуу деп мүнөздөп жатат.

"Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана "Головной" аймактарында абал стабилдүү. Түн тынч өттү", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалымат боюнча, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Алар: атышууну толук токтотуу, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра артка алып кетүү, Баткен – Исфана автожолун толук ачуу, чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт уюштуруу.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен-Исфана жолу боюнча кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатканы маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG