Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Чек арада жараат алган 11 адамдын абалы орточо оор экени айтылды


Кыргыз-тажик чек арасы. Көк-Таш айылы. Төрт-Көчө.
Кыргыз-тажик чек арасы. Көк-Таш айылы. Төрт-Көчө.

Саламаттык сактоо министрлигинин 28-январь, таңкы саат 07:00гө карата берген маалыматы боюнча, Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышта ар кандай жараат алган 11 киши облустук ооруканага жаткырылды.

Маалыматта алардын абалы орточо оор экени айтылды.

“Азаттыктын” кабарчысы буга чейин алардын баары аскер кызматкерлери экенин билдирген. Жетөө оорукананын травматология бөлүмүндө, үчөө хирургия бөлүмүндө дарыланууда.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Тажикстандан 17 адам жараат алганы бейрасмий кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG