Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Чек ара тилкесинде жашаган 1470 адам эвакуацияланганы кабарланды


Баткен.
Баткен.

Баткенде чек арадагы кырдаалга байланыштуу 1470 жергиликтүү тургун эвакуация болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-январда саат 01:30да билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 1200ү туугандарынын жана жакындарынын үйүнө, калгандары Баткен шаарына, Маргун, Рават айылдарына жайгаштырылды.

Убактылуу жайларга 270 адам (алардын 104ү аял, 19у эркек, 147си бала) жеткирилди.

ӨКМ эвакуациялангандар тийиштүү азык-түлүк менен камсыз болгонун, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Баткен шаарында жалпысынан 600 адам бата тургандай убактылуу жайгаштыруу үчүн алты пункт ачылды.

27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Соңку маалымат боюнча, жети кыргыз жараны ооруканага түштү.

Тажик тарап Кыргызстанды айыптап, атышууда бир жараны курман болгонун айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG