Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Казакбаев: Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

27-январда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, эки тараптан тең ок атуу менен коштолууда. Эки коңшу бири-бирин күнөөлөп жатат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Азаттык» менен болгон кыска маегинде Дүйшөмбү менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

«Азаттык»: Министр мырза, кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп турат. Азыркы учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери абалды жөнгө салуу боюнча кандай аракет көрүп жатат?

Казакбаев: Төрт сааттан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болду, мен билгенден ички иштер, коргоо министрлери дагы байланышта. Андан сырткары Баткен жана Согд облусунун губернаторлору сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Чек ара кызматы жаңжал башталгандан бери абалды жөнгө салуунун аракетинде. Азыр жалпысынан ок атуу басаңдады, бирок маал-маалы менен ок атылып жатат.

Биринчи эле ок атылгандан кийинки сүйлөшүүдө кыргыз тарап түз эле сунушубузду бердик. Анда жергиликтүү бийликтин, күч органдарынын деңгээлинде комиссия түзүп, бүгүнкү жаңжалдын чыгуу себебин, хронологиясын, кандай курал колдонулду, келечекте мындай ок атууну кантип болтурбоо керек деген суроолорду иликтөөнү сунуш кылдык.

Буга чейин айтып келгендей, Кыргызстан эки тараптуу жана көп тараптуу келишим, протоколдорго таянып, өз позициябызда турабыз. Ал келишимдерди так аткарууга даярдыгыбызды билдиребиз. Чек ара маселелери дипломатиялык саясий жол менен тынч чечилиши керек деген позицияны бекем кармап турабыз.

«Азаттык»: Тажик тараптын позициясы кандай? Эмне себептен ок атуу токтобой жатат?

Казакбаев: Тажик тарап биздин сунушту кабыл алды. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу созулуп жаткан. Учурда сүйлөшүү башталды. Биз демилге кылып, макулдашкандай комиссия түзүлүп, Баткен жана Согд облусунун чек аралаш жерде эки тараптын губернаторлорунун жетекчилигинде сүйлөшүү башталды. Биз тараптан комиссияны президенттин Баткендеги өкүлү Алимбаев башкарат. Комиссия соңку конфликт эмнеден чыкканын, хронологиясын, ок атууну токтотуу, мындан ары кагылышуу кайталанбашы үчүн эрежелерди иштеп чыгышы керек. Дал ушул максатта сүйлөшүү башталды. Эртең эки тараптын күч органдарынын жетекчилери, дипломаттар барып жолугушуу өткөрөт.

«Азаттык»: Учурда абал кандай, ок атуу токтобой жатканы кабарланууда?

Казакбаев: Маал-маалы менен ок атылып жатат. Ок чыгарууну токтотуу макулдашылган, бирок маал-маалы менен ар жерде уланууда.

«Азаттык»: Ок кайсы жактан атылып жатат?

Казакбаев: Негизинен коңшу тараптан болуп жатат. Биздин укук коргоо органдары жаңжал эмнеден башталганын, кандай болгону тууралуу керектүү маалыматтарды берип жатат. Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен ар бир маселени эл аралык укуктун алкагында, эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин негизинде чечебиз деген принципте турат.

Кыргыз тарап коргонуу үчүн гана ок атышы мүмкүн. Кыргызстан бирөөнүн жерине көз арткан жок. Ошол эле учурда өлкөбүздүн бир сантиметр жери башкага берилбейт. Биз чек ара жана башка маселелерди коңшулар менен көп тараптуу жана эки тараптуу келишимдердин, эл аралык укуктун негизинде саясий, дипломатиялык, тынчтык жолу менен чечүү принцибин кармаганбыз жана андан тайбайбыз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG