Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Такталбаган чек ара, тажик абагында тооруган ажал


Ушуш тушта Тажикстанда он кыргыз жараны кармалып турат.
Ушуш тушта Тажикстанда он кыргыз жараны кармалып турат.

Тажикстандын түрмөсүндө каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү Баткенге жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен эки жылга соттолгон Кудайберди Бекмуратов аттуу жарандын каза тапканы 14-январда маалым болгон.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, тажик абагында каза тапкан жаран тууралуу буга чейин жеригилктүү бийлик өкүлдөрү менен тиешелүү органдар кабардар болгон эмес. Маркумдун уулу атасынын сөөгүн алып келүүгө жардам сурап кайрылганда гана ачыкка чыккан.

"Ал тууралуу бизде буга чейин маалыматтар болгон эмес. Анын жакындары дагы тажик тарап кармап алганын айтып кайрылган эмес. Ал былтыр 29-апрелде кармалган дегендей айтып жатышат. Биз анын баарын тактап жатабыз. Ал буга чейин Тажикстандагы Канибадам районунун Маданият айылында үй-бүлөсү менен жашап келген экен. Толук такталбаган жерлерде алардын жарандары бизде, биздин жарандар алардыкында жашай берген көрүнүштөр бар. Ал жаран качан соттолгону тууралуу бизде азырынча так маалымат жок. Тиешелүү органдардан тактап жатабыз. Анын баласы Лейлек районунун акими менен байланышып, атасынын сөөгүн алып келгенге жардам сураптыр. Ошондо гана биздин жарандын каза болгону билинди. Тажикстандын аймагында жашагандыктан бизге кайрылган эмес. Маркум тажик тектүү кыргыз жараны болгон".


Мунун алдында Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги анын өлүмүн ачык, адилет иликтөө тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн. Кудайберди Бекмуратов №6 абакта жатканы айтылган. Буга байланыштуу тажик тарап расмий комментарий бере элек.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев ушул тушта коңшу өлкөдө он жаран кармалып турганын билдирген.

"Биз алардын баарын бошотконго аракет кылып жатабыз. Мен бул боюнча Согд облусунун губернатору менен сүйлөштүм, кат жолдодум. Ал дагы өздөрүнүн жарандарын бошотууну суранып жатат".

Буга чейин кармалгандардын арасында Жерге-Тал жана Мургабдагы туугандарынан кабар алуу үчүн барган Кыргызстандын жарандары дагы бар экени маалым болгон.

Былтыр сентябрда Лейлек району менен чектеш аймактарда Тажикстандын чек арачылары он чакты кыргызстандыкты кармаган. Баарына "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген айып коюлган. Алардын айрымдарынын туугандары бийликке бир нече жолу кайрылып, жакындарын бошотууга жардам сураган.

Тажикстандын Хожент облусуна караштуу Гафуров райондук соту былтыр ноябрда "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыпталган кыргызстандык үч жаранга өкүм чыгарган.

Ага ылайык, Айдарбек Хайдаров менен дагы бир жаран эки жылга эркинен ажыратылган. Ал эми үчүнчү кыргызстандык 18 жылга кесилген. Буга байланыштуу кыргыз бийлиги да, тажик тарап да маалымат берген эмес.


Өткөн жылы ноябрда расмий Дүйшөмбү чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген айып менен кармалган кыргызстандык үч жаранды бошоткон. Дагы үчөө кийинчерек бошотулары айтылган. Кыргызстанда да ушундай айып менен кармалган тажикстандык эки жаран кое берилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун пикиринде, эки өлкөнүн күч органдары бири-биринин жарандарын кармаган учурда өз мекенинде соттоп, күнөөсү далилденсе гана өзүнүн жеринде жазасын өтөө тууралуу макулдашуусу керек.

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

"Бул негизинен Тажикстандын максаттуу саясаты. Анын баарын чек арада жашаган элди көчүп кетүүгө мажбурлаган психологиялык кысым катары дагы караса болот. Алар биздин жарандарды аткан жоокерлерин "өзүбүз соттойбуз" деп айтып жатышпайбы. Эгер биздин жарандар чек арадан мыйзамсыз өттү деп кармалса, айып салабы же башка чечим кылабы, айтор бизге кайтарып бериши керек. Аларды биз бул жакта өзүбүз соттошубуз керек. Алардын жарандарын деле биз ушундай кылышыбыз керек. Биз негизи ошондой эле кылабыз да. Кармайбыз, сүрүштүрүп туруп эле өткөрүп беребиз. Чын-чынына келгенде алар кармалды деген жерлерде эч кандай чек ара жок. Такталганы тууралуу белгилер жок. Ошондуктан алардын "чек араны бузду, биздин аймакка кирди" деп айыптаганга акысы деле жок. Азыр кармалып турган он жараныбызды чукул арада чыгарып алышыбыз керек".

Өткөн айда Баткен облустук соту Кыргызстанда өмүр бою соттолгон эки тажик жараны Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусовдун жазасын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыраткан. Аларга былтыр май айында кармалган жана ""тынчтыкка каршы кылмыштар", "талап-тоноо" беренеси менен айып коюлган.

Тажик жарандары менен кошо үч кыргызстандык жаран дагы колго түшкөн. Аларга “турак жайларды өрттөө, талап-тоноо иштеринде кошуна мамлекеттин жарандарына жардам берген" деген кине тагылган жана райондук сот сегиз жарым жылга кескен.


Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG