Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

УКМКга берилген "Байрактар", коопсуздуктан чыккан талкуу


"Байрактар" дрону.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына Түркиядан чыккан «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары берилди.

Президент Садыр Жапаров 18-19-декабрда Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда бул техниканы көрдү, улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган чакырыктар бар экенин айтты. Анын коопсуздук тууралуу билдирүүсү коомчулукта талкууланууда.

Президент Жапаров атайын кызматтын Жалал-Абаддагы жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөгөн учурда өткөн айда Улуттук коопсуздук концепциясы жактырылганын белгиледи. Анын айтымында, сөз болгон концепция коопсуздукту камсыздоого багытталган иш-чаралар топтомун өз ичине камтыйт. Ал улуттук коопсуздукту камсыз кылууда УКМК кызматкерлеринин ийгиликтүү иштеши үчүн тиешелүү шарт түзүү аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

«Биз өлкөбүздүн улуттук коопсуздугуна кылдай зыян келтириши мүмкүн болгон жагдайларды дагы көз жаздымда калтырбашыбыз зарыл. Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек», - деген президент улуттук коопсуздук үчүн жаңы коркунучтар жаралып жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо). Жалал-Абад. 18-декабрь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо). Жалал-Абад. 18-декабрь, 2021-жыл.

Президент өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды сактоо үчүн мыкты ыкмаларды жана механизмдерди колдонууну кошумчалады.

УКМК кызматкерлерине түзүлүп жаткан шарт, коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу президенттин билдирүүсү ар кандай талкууларга жем таштады. Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков уюшкан кылмыштуулук сыяктуу көрүнүштөр да коопсуздукка орчундуу коркунуч туудуруп жатканын айтууда.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Кыргызстанда үч жолу бийлик алмашкан төңкөрүштө уюшкан кылмыштуу топтор аралашып, өздөрүнүн таасирин тийгизген. Азыркы күндө бул дагы негизги коркунучтардын бири. Дагы бир багыт - бул миграция, жумушсуздук коркунучу. Канча жумушчу күч сыртта жүрөт. Айылдардагы, айрыкча чек аралаш аймактардагы элдин чоң-чоң шаарларга топошуп, ал жак бош калып жатышы да кооптуу. Дагы бир негизги маселе - саясий-экономикалык, коомдук кризистин негизинде жаштардын бийликке кандай жол менен умтулуп жатышы. Мыйзамсыз жол менен жетүүгө умтулуп жатабы, сатып алуу мененби, коррупциялдык ыкмалар менен барууга умтулуп жатышабы? Бул да чоң маселе".

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов улуттук коопсуздук дегенде тышкы коркунучтарды эле эмес, өлкөнүн өзүндөгү маселелерди чечүүнүн жолдорун издөө керек деп эсептейт:

"Президент аймакка тиешелүү коопсуздук коркунучтарын атап кетти. Жалпы алганда, дагы бир канча маселени кошуш керек. Булар экология, улут саламаттыгы, миграция, билим берүү, адам укугу, байланыштар дегендей. Бизге азыркы учурда Ооганстан биринчи коркунуч эмес. Ал мамлекеттеги абал боюнча дүйнөлүк чоң оюнчулар алектенип жатышат. Биз байкоо салып, колдон келген аракетибизди көрүшүбүз керек. Президент айткан жаны чакырыктар боюнча бизде илимий адистер, IT адистер, Нано-технология боюнча адистерибиз жетишээрлик. Болгону аларды улут коопсуздугуна пайдалануу, аларды тартуу керек. Бизде азыр жаралган коркунучтар деп маалымат согушуна даяр болуубуз зарыл. Анан дагы бир маселе, дүйнөдө биздей майда мамлекеттердин позициясы кайда алып барат? Акыркы убакта ушул да маанилүү боло баштады. Ал эми алдыга кам көрүп, келечекти ойлойбуз десек, экологияга кам көрүп, жашыл экономиканы колго алыш керек, санариптештирүүнү тездетиш зарыл. Акыркы эки тармак да акча көп талап кылат".

Садыр Жапаровдун Жалал-Абаддагы сапарында УКМКнын академиясынын административдик окуу корпусун, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун имараттарын куруу пландаштырылып жатканы да айтылды. Өткөн жумада кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу институтунун базасында УКМКнын Академиясын куруу боюнча маселелер чечилип жатканы кабарланган. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков бул демилгени кубаттады:

“Эгемендик алгандан кийин биздин коопсуздук адистерибиз ФСБнын (Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы) академиясынан билимин жогорулатышчу. Ал жерде жакшы билим берет. Бирок, ар бир өлкөнүн өз чек арасы, өзгөчөлүктөрү бар дегендей. УКМКнын академиясы уюшулса, талаптагыдай камсыздалса, коопсуздукка коркунуч келтирген жаңы чакырыктарга каршы туралгандай кадрлар өзүбүздө даярдалмак”.

Укук коргоочу Эржан Кайыпов улуттук коопсуздук дегенде дал ушул жагдайга көңүл бурду. Анын пикиринде, коопсуздукту камсыздай турган кызматкерлер өлкөнүн өзүндө окутулуп, тарбия алышы керек:

Эржан Кайыпов.
Эржан Кайыпов.

"УКМКнын аймактардагы жаңы имараттарын же кызматкерлери үчүн турак жайларын куруудан кем эмес, балким мамлекет үчүн артык маселе - атайын кызматтын кадрларын даярдап-окутуучу жогорку окуу жайды түзүү. Башка өлкөнүн атайын кызматына караштуу окуу жайларда окутууну токтотуу зарыл. Улуттук коопсуздуктун объектилери болуп биринчи кезекте адам жана анын укуктары, эркиндиктери саналат, кийин коом жана анын материалдык, руханий баалуулуктары, үчүнчүсү - мамлекет жана анын конституциялык түзүлүшү, аймактык бүтүндүгү эсептелинет. Андыктан, эгер адамдын укугуна жана эркиндигине коркунуч жаралса, улуттук коопсуздукка коркунуч жаралат. Улуттук коопсуздук дегенде чек араны жана аскердик коопсуздукту гана түшүнбөшүбүз керек. Чек ара кызматынын учкучсуз учактар менен жабдылышы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине жаңы үйлөрдүн салынышы же имараттардын оңдолушу - жакшы. Бирок көңүлдү бир тарапка эле буруп алган туура эмес. Мисалы, азыр күн тартибинде азык-түлүк коопсуздугу, саламаттык сактоо коопсуздугу, энергетикалык коопсуздук да турат. Бул тармакта иштегендердин жашоо-шартын, иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу да чоң мааниге ээ. Каражаттын баарын аскердик күчтөнүүгө гана жумшай бербеш керек. Улуттук коопсуздук бир катар компоненттерден турат деп атпаймынбы. Анын бир гана элементи алсыз болсо, башкаларын канчалык бекемдесек да пайдасыз. Инновациялык технологияларды коркунуч деп көрбөш керек. Жаңы технология коркунуч жаратуу максатында колдонулушу мүмкүн. Ошол эле учурда коркунучтун алдын алууда пайдалануу мүмкүн. Ал болгону - инструмент. Инновациялык технологиялар өзүнөн өзү эле коркунуч жаратпайт. Учкучсуз учактар деле инновациялык технологиянын бир түрү", - дейт Кайыпов.

Президент Жапаровдун коопсуздук боюнча айткандарынан кийин сөз эркиндиги кысымга алынышы мүмкүн деп жоромолдогондор да жок эмес. "Коомдук анализ институту" уюмунун башчысы Рита Карасартованын пикирин угалы:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Улуттук коопсуздук маселеси атайын кызматта иштегендерге үй салуу же алардын жашоо-шартын жакшыртуу менен өлчөнбөшү керек. "Алардын шартын жакшыртып берсек улуттук коопсуздук бекемделет" деген саясат мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда башталып, ошол бойдон уланып келатат. 2005, 2010, 2020-жылдары реалдуу төңкөрүш болду. Улуттук коопсуздук кызматы элдин маанайы кандай экенин, жарандар айтып жаткандай бийликти алмаштырууга негиздер бар же жок экенин анализдеп, аракетти кемчиликтерди жоюуга бурушу керек болчу. 2012-жылдан баштап Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эбегейсиз укукка ээ болушкан. Коррупцияга каршы күрөштү, мамлекеттик кызматкерлердин ишин текшерүүнү, экстремизм-терроризмди, социалдык желеде жазылган пикирлерди да карап калышкан. Эми президенттин заманбап технологияларды да "улуттук коопсуздукка терс таасир тийгизет" деп баалаганын - сөз эркиндигин кысымга алуунун бир аракети катары сыпаттасак болот. Социалдык түйүндөрдө сын-пикир жазган адамды "бийликти басып алууга аракет кылды" деп камакка алуу мына ушундан башталат. Бул - жарандардын оозун жабуу. "Жарандардын оозун жапкан кызматкерлерге үй салып берсек, жашоо-турмушун оңдоп берсек, президенттин айтканын аткарып жүрө берет" деп ойлошот го. Президенттин айтканын аткаруу бул - улуттук коопсуздук эмес, бир адамдын коопсуздугу болот", - деди Рита Карасартова.

Расмий маалыматка караганда, УКМКнын Чек ара кызматына тапшырылган «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары толугу менен республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн колдонулат.

Бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы Кыргызстан 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан сатып алынарын бийлик быйыл октябрда жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG