Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Кыргыз-тажик чек арасында атылган октун чоо-жайы


Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдын тургундары. Архив сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдын тургундары. Архив сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак болду. Окуя 16-декабрда кечке маал Баткен районунун Көчө-Бою аймагында катталды. Кыргызстандын жараны өз короосунда курулуш иштерин жүргүзүп жатканда тажик тараптын чек арачалары келип, курулушту токтотууну талап кылган. Ушундан улам тараптардын ортосунда чыр чыгып, Тажикстандын чек ара кызматкери асманга ок аткан.

Баткен районунун Көчө-Бою аймагында чыр-чатак болгон үйдө жашаган Шайыргүлдүн сөзү боюнча, 16-декабрда урап калган дубалды тургузуу үчүн короодо курулуш иштери болуп жаткан. Тажикстандын чек ара кызматкерлери келип, курулушту токтотууну талап кылып жаңжал чыккан.

“Үйдүн артында дубал урап калган. Ошону тургузуу үчүн жолдошум, кайним анан дагы эки киши пайдубал тургузуп жаткан. Биздин үй Кыргызстандын аймагында, чек арада эмес. Тажикстандын эки аскери келип эле “токтот, курбайсыңар” деп тапанчасы менен коркутту. Жолдошум “өзүмдүн үйүмдө курулуш кылып атам” деп айтып уруш чыгып кетти”.

Баткендин Көк-Таш айылы.
Баткендин Көк-Таш айылы.

Окуянын чоо-жайы тартылган видеотасма социалдык тармактарга тарады. Анда чек арачылар менен бир нече адам талашып-тартышып жатканы, кийин тажик чек арачысы тапанчадан ок чыгарып, андан ары качып кеткенин көрүүгө болот.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында ок атылган окуя боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, чырда Тажикстандын чек арачысы “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчадан төрт жолу асманга ок чыгарган.

Эки өлкөнүн жергиликтүү чек ара кызматынын өкүлдөрү окуяга байланыштуу ошол эле күнү жолукту. Атайын кызмат кыргыз жарандары чек арага өтө жакын эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде курулуш жүргүзгөнүн белгилеп, тажик тарап курал колдонгону туура эмес болгонун моюнга алганын билдирди.

Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлү чырга жол берген аскерге чара колдонулаарын маалымдаган. Эки тарап окуяны иликтеп, жыйынтыгы боюнча жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев 17-декабрда “Азаттык” радиосуна Баткен районунун Көк-Таш айылында абал туруктуу экенин кабарлады.

"Чек ара аймактарында коомдук, саясий абал тынч. Күч түзүмдөрү абалды көзөмөлдөп турушат. Азыркы тапта макулдашылбаган, такталбаган аймактарда курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген эмес. Бул эки тарапка тең тиешелүү".

Тажикстан менен чек арада турган жоокерлер. Баткен. Архивдик сүрөт.
Тажикстан менен чек арада турган жоокерлер. Баткен. Архивдик сүрөт.

Бул окуяга удаа эле Баткен - Лейлек автожолунун Самаркандек айылынын аймагында белгисиз адамдар жолдон өткөн машиналарды таш бараңга алып жатканы тууралуу аудио жазуу тарады. Буга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугуп, жергиликтүү тургундар менен да кезиккен. Анда автоунааларды таш менен урган факты аныкталган эмес. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынын кызматкери Асылкерим Ажиев мындай деди.

“Бул автожол аркылуу өткөн Кыргызстандын жарандарынан да эч кандай кайрылуулар болгон жок. Чыр-чатактарды алдын алуу максатында 16-декабрь күнү эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп Баткен - Лейлек автоунаа жолунун Эки-Таш жерлигинде эки тарап чек ара кезметтерин коюшту”.

Бул жылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында адам өмүрү кыйылган, ок атылган бир нече окуя болду. 1-декабрда эле кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок чыгарган. Ошол эле күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунун кошуна өлкөнүн жарандары сабап коюп, ооруканага түшкөн. Кыргызстандыктар да бир тажик жаранын кармап алып, кийин бошотушканы кабарланган.

“Чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өтө татаал болуп жаткандыктан азыр жылыш деле байкалбайт. Азырынча кандайдыр бир прогресс жок. Ушундан улам Кыргызстан менен Тажикстандын да мамилеси тоңдурулган боюнча турат”, - деди саясат талдоочу Айданбек Акматов.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG