Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Кыргыз-тажик чек арасы: кармалгандарды алмашуу


Көк-Таш айылы, Баткен.
Көк-Таш айылы, Баткен.

Өткөн айда Тажикстандын чек арачылары тарабынан чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген айып менен кармалган кыргызстандык үч жаран бошотулду. Дагы үчөө ушул жумада бошотулары айтылды. Кыргызстанда да ушундай айып менен кармалган тажикстандык эки жаран бошотулду.

Бирок Тажикстанда ушул күздө кармалып, оор айыптар тагылып жаткан Сайдахмет Артиков (Саидакмат Артыков) менен Айдарбек Хайдаровдун маселеси качан жана кандай чечилери белгисиз.

Сентябрь айынын соңунда Лейлек району менен чектеш аймактарда Тажикстандын чек арачылары тарабынан он чакты кыргызстандык кармалган. Баарына "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген айып коюлган.

Өткөн жума соңунда эки тараптын чек арачыларынын жолугушуусунан кийин Лейлек районунун тургундары Данияр Мамадеминов, Фарида Таштемирова, Мухабат Темирова мекенине кайтарылды.

Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев "Азаттык" радиосуна калган жарандар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

"Эки тараптын чек арачыларынын сүйлөшүүсүнөн кийин биздин үч жараныбыз бошотулду. Алар үйүнө келип кароодон өттү. Алар Лейлек районунун тургундары Данияр Мамадеминов, Фарида Таштемирова, Мухабат Темирова. Ал жакта калган жарандарыбыз боюнча дагы да сүйлөшүүлөр улана берет".

Туллаев ошондой эле, учурда Кыргызстанда аткезчилик, чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кармалып турган Тажикстандын эки жараны - Урунова жана Шарипова да бошотулмай болгонун кошумчалады. Ушундай эле айып менен Тажикстанда кармалып турган Кыргызстандын үч жаранын бошотуу ушул жумада чечилерин билдирди.

Жалпысынан сентябрь айынан бери Тажикстанда он чакты кыргызстандык кармалып турганы айтылып келет. Алардын айрымдарынын туугандары бийликке кайрылуу жасаган. Атап айтканда, 44 жаштагы Саидакмат Артыков менен 24 жаштагы Айдарбек Хайдаровдун жакындары бийликке бир нече жолу кайрылып жакындарын бошотууга жардам сураган.

16-сентябрь күнү Тажикстандын Жийделик айылына жакын жерден кармалган Саидакмат Артыковго алгач "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" делген кине коюлган. Убактылуу кармоочу жайда эки айдан ашык жаткан учурда ден соолугу начарлап, эки жолу ооруканага жеткирилген. Жакындарынын айтымында, тажик күч кызматтары Артыковго "тыңчылык кылган" деген оор күнөө коюп, жазасын оорлотууга аракет кылып жатышат. Уулу Таалайбек Артыков атасы боюнча маселе дагы деле чечилбей жатканын, акыркы үмүтү бийликте экенин билдирди.

"Кыргызстандын үч жараны бошотулду десе биз да сүйүндүк. Тажикстанда канча кыргызстандык бар экенин билбейбиз. Бир-экөө эле бар деп ойлогонбуз. Атам бошотулган жок. Азыр маселе качан, кандай чечилери тууралуу маалыматыбыз жок. Азыр дагы бийликке кайрылдык. Билбей турабыз. Сүйлөшүүнү бийликтегилер тездетип, маселени чечип беришсе деп үмүт кылабыз. Биздин колубуздан башка эч нерсе келбейт экен".

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы расмий жабык бойдон турат. Кээ бир катмардагы жарандар үчүн гана эки тараптын макулдашуусу менен каттоого уруксат берилген. Жергиликтүү бийлик жарандарга чек арадагы каттамдар калыбына келгенге чейин чек арада этият болуп, эрежелерди сактап, жакын барбоону эскертип келет. Тажикстандын Хорог шаарындагы окуяларга байланыштуу кошуна өлкө чек арадагы тартипти дагы күчөткөн.

Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Маруфхан Туллаев буларга токтолду:

"Биздин жарандар кошуна өлкө менен чек арабыз жабык экенин эске алып, өтө этият болушу керек. Алардын кошуна өлкөнүн күч кызматтарына кармалып калышы бизге түйшүк жаратат. Өздөрү да кыйналат. Ошондуктан бизге жардам берип, чек арага барбай эле коюшса деп айтат элем", - деди ал.


Акыркы эки-үч айда эки өлкөнүн күч түзүмдөрү жарандарды чек арадан мыйзамсыз өттү деп кармап, кайра алмашкан учурлары көп. Жаңы-Жер айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев чыңалган кырдаалдан жөнөкөй жарандар эле жабыркап жатканын айтат.

"Менимче чек арага жакын барбагыла деп эскерткени менен так айтылыш керек. Анткени эл кайсы сызыктан өтпөш керектигин билбейт. Чек ара такталган эмес. Акыркы учурда ушул айылдарда чоң жолдон эле эки тарап бири-биринин жарандарын кармап кеткени адатка айланып калгандай. Эки мамлекеттин бийлиги так сүйлөшүп, так чараларды жүргүзүш керек. Мамилени түздөйбүз десе жөнөкөй тургундардын жашоо-шартын, кызыкчылыктарын эске алып аракет кылуу зарыл".

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жаңжалдар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Андан бери атайын кызматтар тарабынан бири-биринин жарандарын кармап кетүү, кылмыш жоопкерчилигине тартуу сыяктуу иш-аракеттер токтой элек.

Жазындагы чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстанда дагы өз жарандарына карата Кыргызстан тараптан катаал мамиле болуп жатат деген нааразылыктар бар. Сентябрда Баткендин Лейлек райондук соту талап-тоноого аралашып, эл тынчтыгын бузган деп шек саналган Тажикстандын эки жараны Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусов өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Аларга Жазык кодексинин 380-беренеси – “Тынчтыкка каршы кылмыштар” жана 391-беренеси – “Мародёрлук” боюнча айып тагылган.

Каххоровдун атасы Абдухалил Абдукаххоров "Азаттык" радиосуна кайрылып, уулу үчүн өлкө жетекчилигенен ырайым сурап, күнөөсү жок экенин, жаза оор болуп калганын айткан.

"Аскерлер менин уулумду "үйүңдү бошот" деп Тажикстанга жөнөтүп жиберишкен экен. Анан ошол жактан аскерлерди көрүп куралды кармап телефонуна сүрөткө түшкөн экен. Бир айга жакын убакыт өткөндөн кийин милиция келип келинибиздин документтерин текшерип, каттоосун карайбыз деп милицияканага алып барышты. Анан ошол жерден келиним уулума телефон чалып чакырыптыр. Келгенде телефондогу ошол сүрөт боюнча кармап кетишти. Болгону ошол. Уулум киши өлтүргөн жок. Куралдан аткан жок. Ошол жаштык кылып түшкөн сүрөт үчүн мынча оор жаза берген болбойт да. Биз эми адилет жаза берип, жардам беришин суранабыз. Талап-тоногон же башка кылмыш кылганы боюнча далил жок", - деген ал.

Лейлек райондук соту тажик тектүү үч кыргыз жаранын 15 жылга эркинен ажыраткан. Алар жаздагы куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналып камалган. Айып тагылгандардын жакындары жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтышкан. Бул ишти Баткен облустук соту 14-декбарда карамай болгон.

Расмий Бишкек эки тараптуу жалпы каттамдарды толук калыбына келтирүү иши чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин карала турганы айтылган. Октябрь айында гана кыргыз өкмөтү тажикстандык студенттерге, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жана башка бир катар катмардагыларга чек арадан өтүүгө уруксат берген.

Учурда Тажикстанда чек араны "мыйзамсыз кесип өткөн" деген негизде Кыргызстандын беш жараны кармалып турат. Алардын арасында Жерге-Тал жана Мургабдагы туугандарынан кабар алуу үчүн барган Кыргызстандын төрт жараны 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG