Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Кыргыз-тажик чек арасы: Ок атуунун чоо-жайы талкууланды


Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылы. Баткен облусу.
Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылы. Баткен облусу.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында 1-декабрда ок атылганын ырастады.

Расмий кабарда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атканы айтылат.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери барып, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Чек ара боюнча Баткен жана Согд облустарынын өкүлдөрү телефондо жагдайды талкуулашты.

Кыргыз тарап Баткен районунун Дахма жерлигинде түн тынч өткөндүгүн 2-декабрда кабарлады. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү 1-декабрда Баткен облусунун Төрт-Көчө жерлигинде саат 23.30да жолугушту. Ага чектешкен райондордун акимдери, укук коргоо жана эки тараптын тийиштүү органдарынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар Дахмада, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде ок атылган окуяны талкуулап, бүгүндөн баштап коомдук тартипти камсыздоо максатында чектешкен аймакта биргелешкен кайгуул уюштуруу чечимин кабыл алышты. Эки тараптын чек арачылары күнүмдүк тартипте кызмат өтөп жатканы белгилүү болду. Чек ара кызматы эртең мененки саат 09.00 карата кырдаал салыштырмалуу туруктуу экени кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Нур ТВ" телеканалына чек ара окуясы боюнча комментарий берип, тажик тарап менен сүйлөшүү болгонун кыскача айтып өттү.

“Чек арада кооптонуулар пайда болуп жатат. Бирок, ыкчам иштер менен бүтүрүп жатабыз. Кечинде Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыз жана тажик жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары менен сүйлөшүп, түнкү саат бирде жолугушуу аяктады. Себеби, ошол жерде мылтык атылып, кыргыз тарап бир адамды, тажик тарап бир адамды өздөрүнүн аймагына алып кетишкен. Ошолорду алмаштыруу жана коопсуздук сактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Чек ара бекем. Бирок, кооптонуу бар, аны моюнга алыш керек”, - деди Ташиев.

Кечээ Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунун кошуна өлкөнүн жарандары сабап коюп, ооруканага түшкөнү кабарланган. Кыргызстандыктар да бир тажик жаранын кармап алып, кийин бошотушканы маалымдалган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1-декабрда тажикстандыктар сабап койгону айтылган Дахма участкасынын тургуну Ж.Айдаров Баткен шаарындагы ооруканага жаткырылганын, азыр анын абалы орточо оор экенин билдирди.

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын дарыгери Кудайберди Жаныкулов бейтаптын абалы боюнча маалымат берди.

“Бүгүнкү күндө абалы дурус. Баш сөөгүнөн жараат алып, мээси чайкалган, денеси көгөргөн. Бүгүнкү күндө керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы туруктуу”, - деди.

Милициянын маалыматы боюнча, 1-декабрда Айдаровдун бодо малы Тажикстандын Исфара районунун Майский айылы тарапка качып кеткен. Артынан издеп барганда коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлери аны кармап, Исфара райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген.

Жоробай Айдаровдун Акыл аттуу айылдашы ал Кыргызстандын аймагында эле кетип баратканын жана азыркы Көк-Таш айылындагы азыркы абал жөнүндө айтып берди.

“Азыр айылда коопсуз же кооптуу деп айта албайм. Ар кайсы жерде милициялар кайтарып турат. Эл чогулган жерге эле барып калып жатышат. Жоробой Айдаровдун үйү Тажикстандын чек арасында турат. Малын издеп кыргыздын жолу менен бараткан. Ал жолдун бири кыргыз, бир жагы тажик. Ошол жерден тартып кирип, урушуптур”, - деди Акыл.

Буга байланыштуу Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын тургуну чогулуп, Айдаровду Тажикстандын жарандары сабаганын айтып, коңшу өлкөнүн жашоочусун (Камолиддин Собировду) кармап алышкан. Андан кийин Майский айылынын 10-15ке жакын тургуну чогулган.

Эки өлкөнүн жергиликтүү милиция кызматкерлери сүйлөшкөндөн кийин Тажикстандын укук коргоо органдары Айдаровду Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген.


Бул факты Баткен райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Айдаровдун денесиндеги жаракаттарга байланыштуу экспертиза дайындалды.

Ал эми "Озоди" радиосу Тажикстандын Исфара районунун Сомониён кыштагынынын тургундарына таянып, 1-декабрда 59 жаштагы жергиликтүү мугалим Камолиддин Собиров кыргызстандыктар тарабынан уурдалып, катуу сабалганын жазып чыкты. Ал иштеген №64 мектептин директору кыргыз айылдарынын жашоочулары Собировду 1-декабрда саат 10дор чамасы машинеге күчтөп отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкенин, аны кечинде укук коргоо органдары бошотконун айткан.

Собировдун уулу "Озодиге" атасы катуу сабалганын жана кыйноого алынганын, азыр ооруканада экенин билдирген. Ал жаткан оорукананын атын атабаган дарыгери Собировдун көзү көгөрүп, оозу жарылганын, ага көкүрөк тушуна сокку урулган болушу ыктымалдыгын маалымдаган.

Тажикстандын Чек ара кызматы жана расмий бийлиги окуя тууралуу маалымат бере элек.

Исфара районунун Сомониён кыштагына барып келген "Озоди" радиосунун кабарчысы Фарзон Мухаммадий сабалды делген тажик жараны Камолиддин Собиров менен жолугуп келген. Кабарчыга ал буларды айтып берген.

“Жабырлануучу Камолиддин Собиров деген мугалим менен сүйлөштүм. Ал кечээ саат бештер чамасында бейтааныш 20-30тай кыргыз жарандары машинеге салып кетти деп айтып жатат. Аны кыргыздардын бир үйүнө алып барып, уруп-согушканын айтууда. Азыр абалы туруктуу экен. Учурда айылда абал тынч. Чек арада ок атылганын угушкан экен. Жергиликтүүлөр кыргыз тараптан чыкканын билдирди. Алар чек арачылар же жөнөкөй жарандар ок аттыбы, белгисиз дешти”, - деди кабарчы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.

Баткен: чек ара жаңжалынан кийинки өкүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG