Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Чек ара: сабалган жарандын абалы орточо оор экени айтылды


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Архив.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Архив.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1-декабрда тажикстандыктар сабап койгону айтылган Дахма участкасынын тургуну Ж.Айдаров Баткен шаарында ооруканага жаткырылганын, абалы орто оор экенин билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 1-декабрда Баткендин Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тургунунун бодо малы Тажикстандын Исфара районунун Майский айылы тарапка качып кеткен. Артынан издеп барганда коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлери аны кармап, Исфара райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген.

Буга байланыштуу Көк-Таш айылынын 40-50гө жакын тургуну чогулуп, Айдаровду Тажикстандын жарандары сабаганын айтып, Тажикстандын Майский айылынын тургуну Камал Сабировду кармап алышкан. Андан кийин Майский айылынын 10-15ке жакын тургуну чогулган.

Эки өлкөнүн жергиликтүү милиция кызматкерлери сүйлөшкөндөн кийин Тажикстандын укук коргоо органдары Айдаровду Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген.

Бул факты Баткен райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, жабырлануучу Айдаровдун денесиндеги жаракатына байланыштуу экспертиза дайындалды.

Баткен облустук милициясы чек арада абал туруктуу экенин билдирди. 1-декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында ок атылган. Расмий кабарга ылайык, кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок аткан. Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан.

Чек ара боюнча Баткен жана Согд облустарынын өкүлдөрү 1-декабрда телефондо жагдайды талкуулашты.

Тажикстандан расмий комментарий боло элек.(BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG