Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

УКМК Текебаев кабылган окуяга байланыштуу билдирүү таратты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салууга атайын кызматтын тиешеси жоктугун билдирди.

Атайын кызмат бул кол салуудан кийин Текебаевдин жоголгон телефону “УКМКнын жанында” деген маалыматка комментарий берип, аны чагым деп атады.

УКМК саясатчыларды жана алардын тарапташтарын чагымчыл аракеттерге барбоого чакырып, жалган жалаа жана чагымчылык үчүн жоопкерчиликти эскертти.

Мурдараак адвокат Канат Хасанов аппаратты кайда экенин аныктоочу программа Текебаевдин телефону УКМКнын жанында экенин көрсөтүп жатканын "Фейсбукка" жазган.

"Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынан кол салуу болду. Анын сөзүнө караганда, үч кичи автобус менен келген 70ке жакын адамдын эки-үчөө аны ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Текебаев бул окуяны "саясий террор" деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды.

Милиция саясатчыга кол салгандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG