Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Президент менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Текебаевдин жагдайын талкуулады


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Президент Садыр Жапаров менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов саясатчы Өмүрбек Текебаев кабылган окуяны талкуулашты. Бул тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында Иманкулов билдирип, жогорку бийлик Текебаевге кол салгандарды табууга жана чара көрүүгө кызыкдар экенин айтып, муну саясий чагым экенин айтты.

Ал саясатчыга кол салгандар табылып, жоопко тартыларын, муну өзү көзөмөлгө аларын кошумчалады.

Талкууга катышкан саясатчылардын бири, "Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков муну бийликтеги айрым адамдар уюштурган деп күмөн санай турганын билдирди.

Депутат Жанарбек Акаев бийлик Текебаевге кол салгандарды тезинен таап, чара көрүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

"Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынан кол салуу болду. Анын сөзүнө караганда, үч кичи автобус менен келген 70ке жакын адамдын эки-үчөө аны ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Текебаев бул окуяны "саясий террор" деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды.

Милиция саясатчыга кол салгандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

"Ата Мекен" партиясы билдирүү таратып, Текебаевге кол салууну тыкыр иликтөөнү бийликтен талап кылды. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деген турумдан кайтпай турганын эскертип, добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо өткөрүлүшү керектигин билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG