Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

Беларуста журналисттердин жана укук коргоочулардын үйлөрүндө тинтүү жүрдү


Полиция демонстрацияга чыккан жаранды кармап баратат. 27-март, 2021-жыл. Минск.
Полиция демонстрацияга чыккан жаранды кармап баратат. 27-март, 2021-жыл. Минск.

Беларус тартип коргоо органдары өлкө боюнча бир нече журналисттин жана укук коргоочунун үйлөрүндө тинтүү жүргүзүштү. Минскидеги «Весна» укук коргоо борбору маалымдагандай, 1-декабрь күнү эртең менен Гродно, Брест, Витебск, Кричау, Речица, Мозырь жана башка шаарларда дагы тинтүүлөр жүрдү.

Мозырь шаарында активист Владимир Целепиндин үйүнөн полиция китептерин конфискациялаган. Ал эми Кричау шаарында журналист Сергей Нярунду кармап кеткен. Гомелде журналист Лариса Щиракованы суракка чакырышып, анын телефондорун, кесиптик шаймандарын алып тартып алышкан. Щиракова полициянын суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткандан кийин бошотулган.

Беларуста жарандык активисттерди, журналисттерди, бийликке каршы пикирин билдиргендерди куугунтуктоо 2020-жылдын ортосунан бери уланып келет. Ошол кезде шайлоодо Александр Лукашенконун утушуна каршылык билдирип, түмөндөгөн адам нааразылык акциясына чыккан. Бийлик демонстрацияларды күч менен басып, миңдеген адамдарды камакка алган. Алардын арасында журналисттер, активисттер дагы бар. Көптөрү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

XS
SM
MD
LG