Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26

Марат Иманкулов Текебаевге кол салуу боюнча пикирин айтты


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңишинин катчысы Марат Иманкулов саясатчы Өмүрбек Текебаев кабылган окуяга пикир билдирип, Кыргызстанда ар бир жарандын коопсуздугун мамлекет коргошу керектигин айтты.

Журналисттердин ушул жааттагы суроосуна “Текебаев эле эмес, жөнөкөй жаранга дагы кол тийбестик сакталышы керек. Биздин мамлекетте мыйзам иштеши керек”,- деп жооп берди.

"Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгону айтылган. Анын сөзүнө караганда, үч кичи автобус менен келген 70ке жакын адамдын эки-үчөө аны ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Текебаев бул окуяны муну "саясий террор" деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды.

Милиция саясатчыга кол салгандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG