Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

АКШда мектепте ок атылып, үч окуучу көз жумду


Мичиган штатындагы орто мектептин жанында "Тез жардам" автоунаасы токтоп турат. 30-ноябрь, 2021-жыл.
Мичиган штатындагы орто мектептин жанында "Тез жардам" автоунаасы токтоп турат. 30-ноябрь, 2021-жыл.

30-ноябрда Американын Мичиган штатындагы орто мектепте 15 жаштагы окуучу тапанчадан туш келди ок атып, үч классташы көз жумду. Сегиз адам, анын ичинде мугалим жаракат алды.

Полициянын өкүлү МакКейб билдиргендей, жаракат алгандардын экөөнө операция жасалды. Калган алтоонун абалы туруктуу. Шектүү каршылык көрсөтпөстөн кармалды. Азырынча ал эмне себептен мындай ишке барганы белгисиз.

Президент Жо Байден каза болгон өспүрүмдөрдүн жакындарына көңүл айтты.

АКШда буга чейин да мектепте ок атуу болуп келген. Эксперттердин айтымында, бул окуя дагы Америкадагы куралды көзөмөлдөө жана психикалык саламаттык тууралуу талаш-тартыштарды кайрадан көтөрөрү шексиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG