Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Мадумаров шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады 


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, саясатчы Адахан Мадумаров 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады. Саясатчы БШК системасындагы мүчүлүштүк жана бир миллион ашуун шайлоочунун добушун санап бүтө албай жатат деп, бийликти сындады. Ошондой эле элдин шайлоого катышуусу, жарандардын кайдыгерлиги туурасында айтты.

"Азыр БШКнын алдына чыгып нааразылык билдирип жаткан саясий партиялардын коюп жаткан дооматтары, талаптары адилеттүү жана туура. Биздин өзүбүздүн дагы жоопкерчилигибизди билишибиз керек. Аябагандай төмөн сандагы шайлоочулар катышты. Миң шайлоочу катталган тилкелерде 200 шайлоочу келди. Чет жактарда 40 миң шайлоочу катталган жерде 2 миңдин тегерегинде добуш берди. Бул - шайлоого ишенимдин жоголгону. Экинчиден, бизди кылымдар бою желкебизден басып жерге жаткырып келе жаткан кайдыгерлик. Ошонун кесепети Кыргызстанды артка тартып жатат. Бир саатта өз мамлекет, өз элиңдин тагдыры үчүн бир саат убактыңды коротууну ыраа көрбөгөндөн кийин өз тагдырыбызга, бийликке нааразылык билдирүүгө моралдык укугубуз калбайт. Ушундан пайдаланган бийлик каалаганын жасап баратат. Ушул кезге чейин бир дагы аты чыкпаган партияларды чачынан сүйрөп баратканы уят иш", - деди Мадумаров.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учурап, 40 мүнөттөй маалыматтар көрүнбөй турду. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Жапаров шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы партияларга кайрылып, бурмалоо тууралуу сындарды четке каккан. Аларды бюллетендерди санап чыгууга чакырган.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду.

БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова 1-декабрда кол санак аяктаганын жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG