Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Ысык-Көлгө Өзбекстандан 15 жейрен алынып келди


Өзбекстандан алынып келген жейрендер.
Өзбекстандан алынып келген жейрендер.

Алынып келген 15 жейрен эми Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги атайын жайда багылат. Көбөйгөндөн кийин мурда жейрен байырлаган жерлерге коё берилет. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев билдирди.

“Гүлистан” дыйкан чарбасынын өкүлү жейрендер бир ай мурда келгенин маалымдады.

“1980-жылдары ак койдун саны, деги эле элдин колундагы малдын саны көбөйүп кетип, жейрендер тоюту жок калышкан. Анын үстүнө аларга аңчылык көбөйгөндүктөн жок болуп кетти. 1950-1960-жылдардан бери биздин аймакта кескин азайып кеткен жейрендерди биз атайын багып көбөйтөбүз", - деди ал.

Өзбекстандан жейрен алып келүү жөнүндө келишим түзүлгөнүн 22-сентябрда Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаков билдирген.

Кыргызстандын “Кызыл китебине” киргизилген бул жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган. Жейрендер Кыргызстандан тышкары Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда жана Иранда бар.

2019-жылы Кыргызстан Казакстандан да жейрен сураган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Казакстандан 50 баш жейрен алуу тууралуу протоколго кол коюлганын маалымдаган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG