Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

ЕБ кыргыз бийлигин жаңы парламенттин көз карандысыз иштешин камсыздоого чакырды


28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо.
28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо.

Европа Биримдиги Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо тууралуу билдирүү таратты. Анда шайлоо 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бийлик жокко чыгаргандан кийинки өлкөнүн демократиялык жолундагы зарыл кадамы болуп калганы белгиленген. Ошондой эле Кыргызстандагы шайлоо атаандаштыкта жана уюшкандыкта өткөнү, жалпылап алганда негизги эркиндиктер менен ачыктык камсыздалганы айтылат.

"Европа Биримдиги кыргыз бийлигин жаңы парламенттин көз карандысыз иштешин камсыздоого чакырат. Бул демократиянын жакшы калыптануусуна кепилдик болот. Кыргызстандын көптөн берки өнөктөшү катары Евробиримдик өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ак ниет башкарууга жана мыйзам үстөмдүгүнө көмөк көрсөтүүдө жаңы парламентке колдоо көрсөтүүгө даяр", - деп жазылган ЕБнын билдируүсүндө.

Европа Биримдиги Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Адам укугу жана демократиялык институттар боюнча бюросунун (БДИПЧ) шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрүн колдой турганын айткан. Ошону менен катар жаңы кабыл алынган Конституция, парламенттин ролун алсыраткан мыйзамдагы маанилүү өзгөрүүлөр жана түзөтүүлөр шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна таасир берди деп эсептейт. Мындан сырткары добуштарды сатып алуу жана шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузуу сыяктуу көрүнүштөр катталганын белгиледи. Добуштарды эсептөөдө жана жыйынтык чыгаруунун алгачкы этабында да көйгөйлөр чыкканы айтылган.

Буга чейин эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилерин президент Садыр Жапаров кабыл алган. ЕККУ/БДИПЧ башчысы Маттео Мекаччи баштаган байкоочулар миссиясы менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да жолугушкан.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG