Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:53

ИИМ: Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизатты ташыган адам кармалды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташып саткан деген шек менен бир адам кармалганын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 23-ноябрда Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы “Тойота Ист” автоунаасынын багажынан эки сумканын ичинен скотч менен оролгон 9 таңгак жана бир баштык зат тапкан. Ал заттын жапайы өскөн кара куурайдай (Ооганстанда өндүрүлгөн “чаңча”) өзгөчө жыты болгон.

Өткөрүлгөн экспертизанын жыйынтыгында ал 10 килограммга жакын каннабис чайыры (гашиш) экени аныкталган. Кармалган адам (М.Н.) Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иш Жазык кодексинин “Сатып өткөрүү максатында баңгизат каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен тергелүүдө.

Министрлик муну менен Ооганстанда өндүрүлгөн каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюлганын бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. (BTo)

XS
SM
MD
LG