Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Азербайжанда аскердик тик учак кулап, 14 киши каза болду


Азербайжандын Мамлекеттик Чек ара кызматына таандык тик учак кырсыкка учурап, 14 киши каза тапты, экөө жараат алды.

Чек ара кызматынын жана Башкы прокуратуранын биргелешкен билдирүүсүндө тик учак 30-ноябрда Хызы районундагы Карахейбат аэропортуна жакын жерге кулаганы жазылган.

Курман болгондордун арасында эки полковник, беш майор, үч капитан, медициналык кызматтын капитаны, эки лейтенант жана келишим менен кызмат өтөгөн жоокер бар экени маалымдалды.

Дагы бир полковник менен капитан жараат алган. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG