Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Тажикстандын чек арадагы курулуштары токтотулду


Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз жоокери. 2021-жылдын май айы.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз жоокери. 2021-жылдын май айы.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстан курулуш ишин баштаганын, Кыргызстан аны токтотконун билдирди.

30-ноябрда таратылган расмий кабарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мурда жетишилген макулдашууларга карабастан, Сүлүктү-Пролетарск темир жолунун Лейлек районунун аймагындагы тилкесин тажик тарап демонтаждоо ишин баштаган. Тажик жарандары такталбаган тилкеге мыйзамсыз кирип барган.

Тажикстандын 30-35тей жараны Максат-Арка автоунаа жолунун боюна кура баштаган тосмо Кыргызстандын чек ара кызматынын талабы менен токтотулду.

Кыргызстан Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Чек тилкесинде жергиликтүү тургундарга үй курууга даярдык баштаган. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, тажик жарандары ага каршы Көк-Таш конушунун маңдайындагы Сомониён участкасында курулушту улантышкан.

Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, тараптар курулуштарды токтотту. Тажикстан бул боюнча маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан улам жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG