Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Улуттук банк эсептик ченди 8% жогорулатты

Улуттук банк инфляцияны ооздуктоо максатында эсептик ченди 8% чейин жогорулатты. Банктын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, 2021-жылдын ноябрь айында инфляция жылдык мааниде 12,1% түзгөн. Ал эми жыл башынан тартып баалар 9,5% өскөн.

Анда баа дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы кымбаттоодон улам жогорулаганы белгиленген.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ички дүң өнүмдүн өсүшү 1,6% түзгөн. Ошол эле учурда Кумтөр алтын кенин казып алууну эске албаганда ИДӨнүн өсүш арымы 4,1% чегинде катталган. 2021-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде жеке адамдар которгон акча каражатынын таза агымы 19% жогорулап, 1,6 млрд долларга жакын акча которулду.

Улуттук банк ушул жылдын октябрь айында эсептик чен өлчөмүн 7,5% деңгээлинде сактап турган. Жылдын башында, февраль айында 5,5% болгон.

23-ноябрда ушул жылдын башынан берки кезектеги эң ири интервенция жасап, өлкөнүн валюта рыногунда 70,3 миллион доллар саткан. Жыл башынан бери жалпы суммасы 517 миллион долларлык 12 интервенция жасалды.

​
XS
SM
MD
LG