Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Казакстан «Омикрондун» жайылышын алдын алуу үчүн чара көрүүдө


Казакстандагы оорукана. Иллюстрациялык сүрөт
Казакстандагы оорукана. Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын өкмөтү коронавирустун «Омикрон» деген жаңы түрүнүн жайылышын алдын алуу үчүн киргизилип жаткан чараларды жарыялады. Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шорановдун айтымында, 3-декабардан тарта Африканын түштүгүндөгү бир нече өлкөдөн жана Гонконгдон келгендерге чектөө киргизилет. Мындан тышкары жаңы штамм табылган мамлекеттерден келгендер вакцинасы болсо да, ПЧР-тест тапшырууга милдеттүү болот. Ал тизмеде Израиль, Чехия, Нидерланд, Белгия, Британия, Италия, Германия, Австралия, Канада жана Египет бар. Египет менен авиа каттам убактылуу токтотулат.

Буга чейин Жапония вирустун тарашына байланыштуу чет элдиктердин келүүсүнө тыюу салган. Түштүк Африка жумуриятынын президенти Сирил Рамафоса “адилетсиз” чечимдерди сындап, андайга илимий негиздеме жоктугун, регион дискриминациянын курмандыгы болгонун айтты.

Бир нече күн мурун «Омикрон» деп аталган бул штамм кооптонуу жаратарын билдирген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чектөөлөрдү киргизүүгө шашпоого чакырды.

«Омикрон» адегенде Түштүк Афикада аныкталып, бир нече күндө дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүнө тарады.

Адистер жаңы штаммды изилдөөгө дагы убакыт керектигин айтышат. Өзгөчө кооптонууну штамм мурункуларга караганда «тез жугат, азыркы вакциналардын эффективдүүлүгүн азайтат» деген божомолдор пайда кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG